Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:18

17:40 Жалалабат облусунда Курман айт майрамы 30-декабрда өткөрүлдү


Облус борборундагы Аль -бухари мечитинде өткөн айт намазга 3 миңден ашык мусулман катышты. Элди намазга жыккан имам Курман айт 31-декабрга туура эмес коюлганын белгилеп, бийликтин дин иштерине кийлигишпөөсүн каалады. Новои паркында курмандыкка мал, кой союлуп намазга келгендерге “Хизб-ут Тахрир” партиясынын мүчөлөрү палоо тартышты. Айт мааракесине бийлик жана казыят өкүлдөрү катышкан жок. Уруксат берилбегендиктен Сузактын борбордук мечитине жыйналган миңдей киши намазды сыртта өткөрдү. Мечиттин имамы Курман айт эртең болорун билдирип, намаз окууга каршылык көрсөттү. (RA)

XS
SM
MD
LG