Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

19:00 Башмыйзамдын жаңы редакциясы легитимдүү болуп эсептелет


Президенттик администрациянын укук-саясий бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуевдин айтуусунда бүгүнкү жаңы редакция 8-ноябрда кабыл алынган Конституциянын регламенти менен кабыл алынды. Юристтин сөзү боюнча анда дагы Башмыйзам Конституциялык соттун корутундусуз эле, тез убакытта кабыл алынган болчу. “Эгер бүгүнкү редакциясын легитимсиз десек, анда 8-ноябрдагы кабыл алынган Башмыйзам өзүнөн өзү легитимсиз болот” деп айтты Бектур Зулпуев “Азаттыкка”. Ал Конституциянын жаңы редакциясы Президенттин, Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн ортосундагы теңсалмакты күчөттү деген пикирин да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG