Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

09:30 Башмыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы сынга кабылууда


“Биз Башмыйзамды өзүбүзгө ылайыктап өзгөртпөй, өзүбүз ага ылайыктап өзгөрүүгө тийишпиз”. Мындай пикирин “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчичи Азиза Абдурасулова “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Бир жарым жылдан бери жарандык коом Башмыйзамдын жакшы бир вариантын иштеп чыккан. Бирок мунун баары сыртта калып, президент менен парламент гана чечип койду, -дейт Азиза Абдурасулова. Анын сөзү боюнча Конституциянын жаңы редакциясы президентке мурдагы бийликтин тушундагы укуктарын кайрып берди, муну менен бийлик президенттин колуна чогулуп калды. Абударсулова Башмыйзамды ишке киргизбей туруп , жарандык коом өз пикирин айтуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек деп баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG