Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:36

БҮГҮН КЫРГЫЗСТАНДА КУРМАН АЙТ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНҮҮДӨ


Кыргызстан диний башкармалыгынын маалыматы боюнча бүгүн Бишкектеги "Алатоо" аянтында жана облустардагы борбордук мечиттерде айт намаздары окулду. Мындан тышкары колунда жокторго тамак-аш жана башка жардам берүү боюнча кайрымдуулук акциялары уюштурулууда. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча бүгүн саат сегизде Борбордук аянттагы Курман айтты майрамдоо жөрөлгөсүнө Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев, Кыргызстан диний башкармалыгынын жетекчиси Жолборс Жоробеков жана ислам өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү катышып, чогулган мусулмандардын алдында куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

XS
SM
MD
LG