Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

16:00 2007-жылдын март айында Кыргызстанда коомдук-саясий кырдаал курчушу мүмкүн


Мындай божомолду “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун Борбордук Азиядагы чыр-чатактардын алдын алуу жана изилдөө бөлүмү билдирди. Буга эгер азыркы парламент тарап кетсе, кайра болуучу парламенттик шайлоо себеп болот. Анткени учурда Кыргызстандагы саясий партиялар алсыз, бийлик негизинен президенттин колунда, ошондуктан шайлоого бийлик тарабынан басым жасалышы ыктымал. Мындай кырдаал айрым шайлоочулардын жана саясий партиялардын нааразылыгын туудурат деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле андай кырдаалдын курчушуна “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөлөрүнүн жана алардын жакындарынын түрдүү куугунтуктарга алынып жатышы да себеп болот. (Zko)

XS
SM
MD
LG