“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын сөзү боюнча бүгүнкү гумандуулукка умтулуп жаткан убакта демократия эң өнүккөн өлкө деп саналган АКШнын бийлигинин мындай кадамга барганы туура эмес. Муну менен адам өмүрүнүн баалуулугу сакталбай, мындан ары да айрым бир адамдарга дал ушундай жаза колдонууга мүмкүндүк берүүчү жол ачылып жатат, дейт Азиза Абдурасулова. (ZKo)