Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:52

16:30 Бишкекте тартип коргоо, медицина кызматкерлери, өрт өчүрүүчүлөр күчөтүлгөн режимде иштешет


Шаардык мэриядан алынган маалыматтар боюнча 31-декабрь жана 1-январь күндөрү шаардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тартип коргоо органынын кызматкерлери, дарыгерлер жана өрт өчүрүүчүлөр эки мөөнөттө иштешет. Шаардык өрт өчүрүү башкармалыгынын маалыматы боюнча бүгүн түнү менен 17 өрт өчүрүүчү автомашина, чукул кырдаалдарда байланышты жана жарыкты камсыз кылуучу 2 атайын техника, 200гө жакын кызматкерлер жана офицерлер күзөттө болушат. Мындан тышкары жаңы жылдык жардыруучу заттар көп жардырылуучу "Алатоо" аянтында да өрт өчүрүү кызматы күзөттө болмокчу. Ал эми шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмү бүгүн түнү медициналык тез жардам көрсөтүүчү 29 автомашина, дарыгер, медсестра жана санитарлар менен күзөттө турарын маалымдады. Тез жардам берүүчү ооруканаларда дарыгерлер кокустукка учураган жарандарды кабыл алууга даяр турушмакчы. Бишкекте медициналык тез жардам берүүчү Борбордук станциядан башка дагы үч мекеме бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG