Коопсуздук кеңешинин 30-декабрда болгон отурумунда бир гана маселе - өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулоо киргизилген, бирок бир чечим кабыл алынган эмес. Парламентте сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев коопсуздук кеңеши парламенттин мындан аркы тагдыры талданаарын билдирген. Ошол эле учурда айрым депутаттар өкмөт курамы кызматынан чегинген шартта коопсуздук кызматынын отуруму легитимсиз болорун эскертишкен. (BuS)