Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

БАШ МЫЙЗАМДЫН ТЕГЕРЕГИНДЕ ТАЛАШ-ТАРТЫШ КҮЧӨДҮ


Президент Курманбек Бакиевдин 30-декабрда парламентте жасаган билдирүүсүнөн кийин Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясын шашылыш кабыл алды. Бул - коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Айрым саясат талдоочулардын ырасташынча, жаңы жыл алдында болуп өткөн мындай өзгөрүүлөр өлкөдө саясий кризис жаратып, кезектеги массалык толкундоолорго алып келиши мүмкүн. Жарандык коомдун өкүлдөрү жана бир катар саясатчылар бул окуяга байланыштуу көз караштарын билдире башташты.

Жаңы жылдын босогосунда туруп, 30-декабрь күнү Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алды. Муну айрым саясатчылар президенттин кысымы алдында кабыл алынган Конституция катары баалашты. Анткени ушул эле күнү президент парламент трибунасынан депутаттарды катуу сынга алып, Коопсуздук кеңешинде Жогорку кеңештин тагдыры караларын айткан. Бирок, Коопсуздук кеңеши өз жыйынын январь айында улантарын билдирип, парламентке карата эч кандай чечим кабыл алган жок. Ал эми 50 добуш менен кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясын “Реформа үчүн” кыймылына кирген депутаттар мыйзамсыз деп эсептешти. Жаш саясатчылар форумунун мүчөсү Адил Турдукуловдун пикири боюнча, Конституциянын бул жолку редакциясын кабыл алган парламенттин келечеги жок. Ошол себептүү бул парламент жылдын соңуна чейин эле таркатылышы ыктымал:

- Азыркы парламент, президенттин күчү менен кабыл алынган Конституция, бул эки кадамга артка кеткен Конституция. Биздин коомдук жана саясий турмушубузга терс таасирин тийгизет деген ойдомун. Анткени, бул Конституция кайра эле президенттин авторитардык күчүн бекемдөөгө багытталган Конституция болуп эсептелинет. Биздин парламентибиз чыныгы элдин көйгөйүн билдирген парламент эмес, көп кишилер айтып кеткендей Акаевдик, бандиттик парламент десек болуп калды. Менин баамымда азыркы парламенттин келечеги күмөн. Жылдын аягына чейин бул парламент таркатылат. Эмки жылы болобу же бул жылдын аягында жаңы парламенттик шайлоо өтүшү мүмкүн.

Депутат Акматбек Келдибеков, “Реформа үчүн” кыймылына кирген депутаттардын койгон дооматтарына макул эмес. Анын ырасташынча бул жолку Конституциянын жаңы редакциясында деле президентке кошумча ыйгарым укуктар берилген жок:

- Эч кандай президентке кошумча бийлик кеткен жок. Көрдүңүздөр, электрондук машинка менен экөө добуш берсе башкача чыгып атат. Кол менен, өмүр бою бүт дүйнө жүзүндө кол менен добуш берип келге, фамилиясын атагандан кийин. Мындан ашык кандай демократия керек. Мына, бизди эч ким күнөөлөй албайт, тигини зордуктады, тигини мындай кылды деп,- деди Акматбек Келдибеков.

“Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев, буга байланыштуу кыймылдын кийинки кадамдары тууралуу мындайча билдирүү жасады:

- Биринчиден, президент ар бир келген сайын Кыргызстанда консолидация кыла турган эмес, конфронтация кыла турган идеяларды айтат. Конституция сыяктуу документтин кабыл алынышы эч легитимсиз. Себеби, Конституциянын кабыл алуу процедурасы бузулду. Биз аны сотко беребиз. Экинчи, зордук-зомбулук менен кабыл алды. Кээ бир депутаттарды ушунчалык кыйнап, колу-бутун толгоп кабыл алынган. "Реформа" кыймылы үчүн өзүбүздүн бет алган багытыбыздан тайбайбыз. Реформанын уланышы үчүн бул Конституциянын, конституциялык эмес жол менен кабыл алынганын далилдеш үчүн конституциялык сотко беребиз. Андан кийин биздин тарапкерлер менен кеңешебиз. Анан саясий күрөштүн бөлөк жолдоруна өтөбүз, - дейт Каныбек Иманалиев.

Учурда эс алуудагы Жогорку кеңеш өз ишин январдын сегизинде баштамакчы. Айрым саясат талдоочулардын ырасташынча, Коопсуздук кеңешинин январда өтө турчу жыйынында парламентти таркатуу маселеси каралып, мамлекет кезектеги саясий кризиске кептелиши да ыктымал.

XS
SM
MD
LG