Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

ЖАҢЫ 2007-ЖЫЛ АР БАШКА ТОСУЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Жаңы 2007-жыл дүйнөдө ар-башка тосулууда. 31-декабрда түн ичинде эң көп адам - бир миллионго жакын киши Нью-Йорктун борбордук аянтында чогулду. 2007-жыл жалпысынан каман жылы деп аталат, бирок ал 18-февралда гана башталат.

31-декабрдан 1-январга караган түнү эң көп адам Нью-Йорк шаарынын борбордук аянты Тайм-скверде чогулду. Маалымат каражаттары тараткан кабарларга караганда, аянтка бир миллионго жакын адам келди жана жаңы жылды чогулган калк - атактуу битл Жон Леннондун "Имэжн" деген ырын угуп тосту. Леннон акыркы жылдарын Нью-Йоркто жашаган жана 1980-жылы Нью-Йорктогу үйүнүн алдында атып өлтүрүлгөн.

Париж шаарынын борборундагы Елисей аянтында 400 миң адам чогулду деп айтылууда, Эйфел мунарасынын алдында уюштурулган салют бир сааттан ашык уланды дейт. Лондондун борборуна болсо 350 миң адам келиптир. Прага шаарынын Вацлав аянтында 100 миңдей адам чогулуп, ачык асман алдында бир нече саатка уланган концерт көрүштү.

Жаңы жыл башталаар алдында Орусия калкына президент Владимир Путин кайрылуу менен чыкты, дүйнөнүн башка мамлекеттеринде андай салт жок, мисал үчүн, Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао Жаңы жылды - өлкөнүн түндүгүндөгү бир алыскы айылга барып тосуптур.

1-январдан тартып Болгария менен Румыния Европа Биримдигине мүчө болуп киришти, Словения болсо евро акчсына өттү. Мындан үч жыл мурда Биримдикке мүчө болуп кирген 10 чыгыш европалык жумурияттын ичинен Словения биринчи болуп өз аймагында евро киргизди. Алмания 1-январдан тартып Европа Биримдигине жана дүйнөдөгү эң өнүккөн сегиз мамлекеттин тобуна төрагалык кылууда. 1-январдан тартып Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешиндеги төрагалык Орусияга өттү.

Аны менен катар Жаңы жыл алдында кейиштүү окуялар да болду. 31-декабрда Таиланддын борбору Бангкок шаарында тогуз жарылуу болуп, эки адам набыт кетти жана отуздан ашык киши жараат алды. Жаңы жылды Таиландда тосуу үчүн келген миңдеген турист кайра өз мекендерине кетип калды. 30-декабрда Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейн дарга асылды, 1-январда болсо 102-жүргүнчүсү бар индонезиялык учак деңиз үстүндө жоголуп кетти.

Орусиянын ортодокс христиан чиркөөсү большевик өкмөтүнүн буйругун аткарбастан, 1917 жылы Юлиан календарынан Григориан жылнаамасына өткөн эмес, ошондуктан диний Жаңы жыл Орусияда 13-январда гана башталат. Бирок Улуу Британиянын Гваун деген өрөөнүнүн эли дагы 1562-жылы киргизилген Григориан жылнаамасына өтпөптүр, ошондуктан алар дагы Жаңы жылды 12-январдан он үчүнө караган түнү тосот.

Жаңы жыл алдында Франциянын элүүгө жакын ири казиносунун отузунун кызматкерлери иш таштады жана акча коротолу деген айрым байлар акчасын корото албай калды. Скандинавиядан башка Европада кар жок, аба температурасы 10 градустун тегерегинде, Бээжинде болсо эки күн удаасы менен кар жаагандыктан Жаңы жыл алдында шаардын көчөлөрүн 10 миңге жакын адам кардан тазалады.

Кытай жылнаамасы боюнча жылдар 12 айбандын аты менен аталат жана 2007-жыл каман жылы, бирок ал 18-февралда гана башталат. Ал айбандар ар башка сапат менен дагы айырмаланат, мисал үчүн темир, алтын, суу деп бөлүнөт. 2007-жыл - от каманынын жылы.

XS
SM
MD
LG