Кечээ 1-январда Орусиянын Газпром компаниясы менен Беларус газ келишимине кол коюшту. Газпром 1-январга чейин эки жак бир келишимге келбесе, Беларуска газ берүүнү токтотоорун билдирген. Минск оз кезегинде орус газынын Батыш Европага өтүүсүн токтотобуз деп эскерткен эле. Германия Газпром менен Беларус ортосундагы газ келишимин кубаттады. Өлкөнүн Экономика министири Майкл Глостун айтымында, газ талашы Европа Чыгыштан келген газга өтө эле көз каранды болбош керек экендигин айгинеледи.