Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

ДОСБОЛ НУР УУЛУ: ЗЭЭНДҮҮ БАЛДАР ҮЧҮН АТАЙЫН МЕКТЕПТЕР АЧЫЛАТ


Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы Жаңы жылдын алдында Чоң сегиздик өлкөлөрү Кыргызстандын агартуу тармагына 20 миллион доллар бөлүү жөнүндө чечим кабыл алышты. Ал каражаттардын басымдуу бөлүгү айыл жериндеги бала-бакчаларды калыбына келтирүүгө, алардын материалдык-техникалык жана окуу-тарбия базасын чыңдоого жумшалат. Ошондой эле Билим, илим жана жаштар саясаты министрлиги жаңы жылда алыскы тоолуу райондордогу мектептерди компьютер менен жүз пайыз камсыз кылуу жөнүндө дымактуу максат коюп, бул үчүн казынадан жүз миллион сом карап жатат. Агартуу тармагында Жаңы жылда боло турган ушул жана башка өзгөрүү-өнүгүү аракеттери жөнүндө Кыргызстандын билим, илим жана жаштар саясаты министри Досбол Нур уулу «Азаттык» менен курган маегинде айтып берди.

- Биз жакында дагы бир 20 миллион долларлык грант утуп алдык. Муну жылдын ири жетишкендиги десе болот. Кыргызстан үчүн, Кыргызстандын билим тармагы үчүн бул чоң ийгилик. Каирден жыйырма талапкердин ичинен чоң сегиздиктин өлкөлөрүнүн грантын биз утуп алдык.

Мындан сырткары эки долбоор иштеп жатат. Айыл жеринде билим берүү боюнча жана Азия өнүктүрүү банкынын экинчи долбоорун биз пайдаланып жатабыз.
Акыркы проектибизде эң негизгиси бала бакчаларга көңүл бурулуп, бала бакчаларды кайра калыбына келтирүү каралат. Бала бакчалардын баары таланып тонолуп кетти, муну баарыңар эле билесиңер.
Андан сырткары, президенттин чечкиндүү чечими менен 1-4 класска чейинки балдардын тамак-ашы чечилди.

Мугалимдердин маянасын 35 пайызга көбөйттүк. Эми бул дагы толук жетишерлик эмес. Бүгүнкү күнү мугалим жок дегенде төрт миң сом алышы керек. Балага шарт түзүп бериши үчүн китеп бериш керек.
Китеп жагын болуп көрбөгөндөй камсыздап атабыз. Он беш жылдан бери мамлекеттен бир тыйын бөлүнбөсө, быйылкы жылга жүз миллион сом берилди.

Дүйнөлүк банк 22 миллион берди. Ата-энелерден мурдатан чогултуп калган элүү миллион бар эле. Баш-аягы 172 миллион сомго китеп басып чыгарып атабыз. Текущий ремонтко быйыл жүз миллион каралды. Андан сырткары бюджеттин эсебинен 47 мектеп курулду. Алардын ону түштүктө жанагы кырсыктарга байланыштуу курулду. Бул боюнча мен депутаттардан, өзү түштүктүк болуп, мектептерди жалаң түштүккө куруп атат деген сын-пикир уктум. Бирок мен кээ бир депутаттарга, ал арызыңарды кудайга айткыла деп ачык эле айттым. Кудай кырсыкты жөнөтүп атат. Мен палатка мектептерди токтотуп коюп, башка аймакка кура албайм деп айттым.

Азыр мектептердин базалык жагын карап атабыз. Жакында эле президенттин кабыл алуусунда болдум. Кудай буйурса алыскы, тоолуу райондордун мектептерин толук, жүз пайыз компьютер менен камсыз кылуу маселесин карап атабыз. Болжолдуу турдө жүз миллион сом карап атабыз. Бул деген абдан чоң колдоо болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө китеп кандай керек болсо, биздин балдарга компьютер ошондой керек.

Быйылдан тарта өзгөчө таланттуу балдардын мектебин ачкан атабыз. Мына №5 мектебин ушундай мектепке айландырып атабыз. 7-класстан баштап тандап алабыз. Олимпиаданын жеңүүчүлөрүн. Аларды бир эле Бишкекте чогултпай областтардын, райондордун борборунда бирден мектеп ачуунун программасын түздүрүп атабыз. Булар бриллиант балдар, биздин байлыктарыбыз ушулар болот.
Жогорку окуу жайлар жаатында биз биринчи кадамды жасадык. Бирөөгө жагат, бирөөгө жакпайт. Ректорлор менен жолукканда да айттым. Элүү үч университет болсо, ошонун ичинен жети менчик университет мен жүргүзгөн реформага каршы болуп атат. Аларды мен түшүнөм. Алардын бизнесин да түшүнөм. Бирок жалпысынан университеттер колдоп атат. Ата-энелер колдоп атат. Бир дагы студент сыртта калган жок. Мына он жети миң студентти которулууга түрттүк. Анан беш миңге жакын студенттер жок студенттер экен. Россияда жүрүп, акчасын берип, жөн жүрүп диплом алгандар экен. Аларды биз кетирдик. Негизинен рефоманын жыйынтыгын чыгарып атабыз. Мына эмдиги жылы педагогикалык адисттиктерди текшерели деп атабыз.

- Билимдин сапатын жогорулатуу максатында жасалган реформага айтылган сын көп болду. Реформа керек болчу, бирок аны ишке ашыруу жол-жоболорунда калпыстыктар кетти деген пикирлер айтылып жүрөт. Реформанын эмки кадамдарында эмнелерди эске алуу керектигин түшүндүңүздөр? Мына эми педагогикалык багыттагы адистиктер текшерилет деп жатасыз.

- Текшерүү мезгилинде айрым нормативдик документтерди эске албай калгандыгыбызды биз кийин түшүндүк. Бирок биздин текшерүүбүз, туткан жолубуз туура экенине дагы бир жолу көзүбүз жетти.

- “Жаш мугалимдин депозити” деген программа бар эмес беле. Бул программа өзүн канчалык актай алды?

- Бүгүнкү күнү мугалимдер жетишсиз. Үч жарым миңге жакын мугалим жетпейт. Программа иштеп атат. Депозит оң жагын, эффект берип жатат. Айланып келип эле ушу маянанын аздыгына такалат. Азыркы биздин шартыбызда жаштар айылга акча берсең да турбай калды. Мен бир кызыкты айтып берейин. Мына жогорку окуу жайларды текшерттим. Анан Баткен, Нарын университеттин бүтүргөндөрдүн баардыгы жүз пайыз өз айылдарына калат экен. Мындай айылдардан эле окуп атат да эми. Эми Баткенди кандай шаар деп элестетебиз. Ал эми ошол баткендик Бишкеке келип окуп бүтсө сексен пайызы кайра барбай атат.

- 2006-жылы бир катар окуу жайларда ректорлорду шайлоо болду. Анан улуттук университеттин башчысын шайлоо бир топторду бушайманга салды көрүнөт?

- Шайлоо демократиянын бир жагы деп эсептейбиз. Бирок шайлоо анархияга алып келет. Мен өзү негизинен буга каршымын. Кыргызстанда шайлоо бөлүп-жарууга алып келет. Мына мен буга чейин билбейт элем, университтерде кайсы аймактан канча мугалим бар. Азыр билем. Бул жерде проблема бар. Азыр биз “Билим берүү” мыйзамына өзгөртүү киргизип жатабыз. Депутаттар колдоп берсе, биз ректорлорду дайындоого барышыбыз керек.

- Жалпы республикалык тестирлөөнүн тагдыры кандай болот? ЮСАИД жана АКСЕЛС программаларынын жалпы республикалык тестирлөө боюнча беш жылдык долбоору быйыл жыйынтыкталат эмеспи.

- Абдан жакшы суроо. Жалпы республикалык тестирлөөдө азыр маселе бар. Муну былтыр киргизем деп жетише алган жокмун. Мына быйыл орун басарыма, жогорку окуу жайлар боюнча башкармалыкка ачык айттым. Эгерде ушул маселени киргизе албасаңар кетесиңер деп. Бюджеттик орун бул мамлекеттин заказы. Кайсы айылга, кайсы районго кандай кесиптеги адис керек биз даярдап беришибиз керек. Бул мындайча айтканда квота. Атбашынын Акмуз айлына хирург керекпи, жөнөкөй терапевт керекпи, физик, химик же чет тилчи керекпи муну биз заказ кылышыбыз керек. Тестирлөөдө ушул заказ эске алынбай калып атат. Акмуз айылынын баласы өтпөйт дагы Аламүдүн айылынын баласы өтүп кетет. Анткени шаарга жакын, илим билим ушул жерде. Ал бюджетке өтуп алып, эртең Акмузга бар десең барбайт да. Мына ошондой миңдеген дипломдор азыр катылып жатат.

- Досбол мырза, коңшу мамлекеттер арасында латын тамгасына өткөндөр бар, өтүүгө ниет кылгандар бар. Кыргызстанда латын тамгасына өтүүгө болгон зарылчылдык барбы? Эгер бар болсо бул канча жыл аралыгында ишке ашчудай?

- Бул өтө чоң проблема. Анткени бүт окуу куралдары латын тамгасына өтүшү керек. Анан иш кагаздары. Бул миллиардаган сомдун башын жечү нерсе. Бугүнкү күндө Казакстан менен Өзбекстандын экономикасы буга жооп берет. Жаңыдан эгемендик алганда биз дагы өтөбүз деп убада берилген. Бүгүн зарылчылдык жок. Болгон күндө да өтө чоң сумманы талап кылган жагдай. Экономикабыз көтөрүлгөндон кийик, курсак тойгондон кийин, шарт талап кылса өтөөрбүз.

- Досбол мырза, маегиңизге чоң рахмат. Жаңы жылыңыз менен!

- Жаңы жыл ийгиликтүү болсун. Элибиз тынч болсун!
XS
SM
MD
LG