ВАШИНГТОН. Бүгүн АКШда өлкөнүн мурдагы президенти Джеральд Форддун тажыясы өткөрүлүп жатат. Азалуу аземге Американын үч экс-президенти Билл Клинтон, Джордж Буштардын улуусу жана Джимми Картер катышат. Кафедралдык собордо өткөрүлө турган аземде азыркы президент Джордж Буш Фордду акыркы сапарга узатуу сөзүн сүйлөйт. Республикачыл Джеральд Форд Американын азыркыга чейинки тарыхында шайланбаган жалгыз президент болгон. Вице-президент болуп турган Форд 1974- жылы президент Ричард Никсон "Уотергейт чатагына" байланыштуу кызматтан кеткен соң, анын ордун ээлеп калган. 1976-жылы өткөн президенттик шайлоодо Форд демократ Джимми Картерге уттуруп койгон.
Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары
Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары