ТЕГЕРАН. Ирандын маданият министри өлкөдөгү интернет сайттардын адрестерин биринчи январдан тарта министрликтен катоодон өткөрүүгө көрсөтмө берди. Фарда радиосунун билдиргенине караганда, бул жардык сайт ээлеринин нааразылыгын жаратты. Басма сөз укук коргоочулары бул чараны интернетти катаң көзөмөлгө алуу аракети катары баалашты.