Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-октябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:09

«БҮГҮНКҮ ОРУСИЯ»: МАМЛЕКЕТТИН УЛУТЧУЛ ЖҮЗҮ


Төрөкул Дооров, Москва Соңку жылдары Орусиянын күн тартибиндеги башкы маселелердин бири – миграцияны тартипке келтирип, улутчулдукту басуу. Демографиялык кризиске такалган мамлекет калктын санын жогорулатуу үчүн түрдүү улуттук программаларды жарыялап келатат. Сунуш кылынган пикирлердин ичинде элдин санын постсоветтик мигранттардын эсебинен жогорулатуу тууралуу ой да айтылган. Бирок өлкөдөгү этникалык орустар арасында улутчул маанай күчөп баратканы жашыруун эмес.

«Орусия орустар үчүн!» деп кыйкырып жатышкан улутчул жаштардын массалык маршы 2005-жылдын 4-ноябрында Москванын чак ортосунда өттү. Бийликтер жөө жүрүшкө уруксат беришкени үчүн азырга чейин сынга алынып келет.

Мындан эки жыл мурда дал ушул улутчул жаштардын колунан 25 адам көз жумган. Ал эми былтыр, 2006-жылы улутчулдар, же «скинхеддер», 51 адамды өлтүрүштү. Жалпысынан 361 адамга кол салышкан. Башкы себеп – алар орустарга окшошпойт.
Бул – бүгүнкү Орусиянын улутчул жүзү.
Дүйнөлүк саясатта жана экономикада улам таасири арта баштаган Орусияда эмне үчүн чет-элдиктерге кастык күчөп баратат?

Адам укуктары боюнча Москвадагы бюронун аналитиги Семен Чарный өлкөдөгү улутчулдук көрүнүшүнө көп жылдардан бери байкоо жүргүзүп келаткандардын бири.

- Башка улуттагыларды жек көрүү сезимине бизде соңку 15 жылдан бери уланып келаткан айтылуу «ыкчам модернизация» аракети себеп болуп жатат. Анткени мындай абалда көптөгөн адамдардын социалдык абалы кескин төмөндөп, байлар менен кедейлер ортосунда ажырым кеңейет. Проблема экономикалык эле өзгөрүүлөр менен эмес, социо-психологиялык жагдай менен да байланыштуу. Начар абалда калгандар «бул үчүн күнөөлүүлөрдү» издей башташты. Көп учурда радикалдар мына ушул абалдан пайдаланып, адамдарга «силердин начар турмушуңар үчүн чет-элдиктер күнөөлүү» деген ойду таңуулашууда.

Скинхеддер «тактикасын» өзгөртүштү: алардын чабуулу кандуу болуп баратат

«Skinhead» деген сөз, англис-тилинен которгондо, «такыр баш», «чачы жок» дегенди билдирет. Скинхеддер бүгүн Европанын бир топ шаарларында бар. Бирок Орусияда бул түшүнүк азыр «славян эместерге кол салгандар» жөнүндө кабар берет.

Бүгүн Орусияда 50 000 жакын скинхед бар. Алар кичинекей топтордон турат жана мамлекеттин 85 шаарында кездешет. Улутчулдардын да борбору – Москва калаасы.

Скинхеддер, же улутчул жаштар кандайдыр бир уюмдун мүчөлөрү эмес. Алар өздөрүн «орус улутунун сакчылары, орус жерин башка улуттардан тазалоочулар» деп аташат.

Аналитик Семен Чарныйдын айтымында, жыл өткөн сайын скинхеддердин чабуулдары коркунучтуу, таш боор мүнөзгө өтүп бараткандай. Ошол эле учурда аларды кылмышы үчүн жоопкерчиликке тарта турган мыйзамдар күчүн жоготууда.

- Бийликтер толеранттуулук жөнүндө үгүттөгөнгө, улутчулдарга каршы чара көрүүгө аракет кылып жатышат. Бирок бул көп учурда ийгиликке алып келбейт. Тилекке каршы, мыйзамдарда да кемчиликтер көп. Мисалы, өлкөнүн Кылмыш Кодексиндеги «Улуттар аралык касташууну жараткан» деген 282-берене боюнча кылмыш азыр «оор кылмыш» деп эсептелбейт жана анын жаза мөөнөтү да кыскарган. Эгерде мурда бул берене менен айыпталгандар 6 жыл түрмөгө отурууга тийиш болгон болсо, азыр 2 жылда эркиндикке чыгышат. Эки жыл бою тергөө иши бүткөнгө чейин жаза мөөнөтү да акырына чыгып калат. Ошо менен кылмышкерлер да жоопкердиктен кутулуп кетишет, - дейт Семен Чарный, Москвадагы адам укуктарын коргоо борборунун аналитиги.

2006-жылдын 19-ноябрында кечинде Москвага жакын жерде электричкада скинхеддердин тобу кыргызстандык Кубанычбек Солтоноевди катуу сабап кетишти. Солтоноев бир нече күн бою Москвадагы М.Склифосовский атындагы тез жардам ооруканасынын реанимация бөлүмүндө комада жатты.

Бул боюнча кылмыш ишин козгогон Москва областтык түштүк-батыш транспорттук прокуратурасы үч адамга «Башка улуттагы кишиге жек көрүү менен кол салган» деген айып тагат. Бул - Чарный айткан берене. Иш эмне менен бүтөт, тергөө канча убакытка созулат - азырынча белгисиз.

Арадан бир ай өтүп, 16-декабрда, денесинде 50 жолку бычак изи менен бир кыргызстандык жарандын өлүгү табылды. Кийин маалым болгондой, ал – Жалалабаттан келген Иман Юсупов экен. Москвада болгон окуя боюнча кылмыш иши козголгон.
Мунун баары 2006-жылдын экинчи жарымында болгон айрым гана окуялар.

Жумурият калкынын ичинде фашисттик уюмдарга каршы чыгып жаткан антифашисттер да бар. 2005-жылы өткөн антифашисттик жөө-жүрүшкө миңдеген адамдар катышты. Алардын көпчүлүгү жашы улгайып калган пенсионерлер болчу.

Орусиядагы фашисттик топторго, скинхеддерге каршы Кремль кандайча күрөшүп жатат?
Адам укуктары боюнча Москвадагы борбордун аналитиги Семен Чарныйдын айтымында, соңку мезгилдерде улутчулдук боюнча козголгон кылмыш иштеринин көбөйгөнү жакшы жышаан. Бирок бул боюнча айыпталгандардын саны өскөнү менен, акыр аягында түрмөгө отургузулгандары аз. Москвадагы адам укуктары боюнча бюронун маалыматында, 2006-жылы айыпталган 109 адамдын ичинде 39 гана түрмөгө отурду.

Демографиялык кризис: миграция жардам боло алабы?

Орусия - көп улуттуу мамлекет. Бүгүн өлкөнүн 89 субъектисинде 100 ашуун улут жашайт. Жалпысынан өлкө калкынын саны азыр 142 млн.дой адамды түзөт жана жыл өткөн сайын бул көрсөткүч кыскарып баратат.

Мамлекеттеги демографиялык кырдаал коркунучтуу экенин президент Владимир Путин 2006-жылы дагы бир жолу эске салып, проблеманы чечүү боюнча өзүнүн сунушун киргизди.

Орусиядагы 12 регионго постсоветтик республикаларда жашаган этникалык орустарды өз ыктыяры менен кайра отурукташтыруу программасы иштей баштады. Сунуш кылынган региондор же калкынын саны аз, же ири өндүрүш ишканаларынын курулушу күтүлүп жаткан жерлер. Ал аймактарга жумуш күчү керек болот. Аталган программа этникалык орустарды эле эмес, постсоветтик мамлекеттердеги башка улуттары адамдарды да кызыктырганы байкалууда.

Жылдызбек Паизов – Новосибирск шаарында турат. Ал жакта 15 миңдей кыргызстандык бар жана алар «Адилет» деген уюм түзүшкөн экен. «Ошол жерде иштейм», - дейт ал.

- Азыр биздеги кыргызстандыктардын ичинде 7-8 миң адам орус жарандыгын алган. Азырга чейин документтерин тапшырып жатышкандар бар. Жаңы жылга чейин алып калышат го дейм.

Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш

СССР таркагандан бери жалпы постсоветтик аймакта, эң оболу, экономикалык реформа Орусия менен Казакстанда жакшы өнүккөндүктөн, мигранттардын көпчүлүк бөлүгү ушул эки мамлекетке агыла баштайт. Өзгөчө соңку 5-6-жылдын ичинде бул процесс тездик менен аймактагы миграциялык картанын буга чейинки түзүлүшүн өзгөртүп салгандай болду.

Орусияда мыйзамсыз миграцияны тартипке келтирүү үчүн көптөгөн чаралар биринин артынан экинчиси киргизилип жатканы менен, азырынча натыйжалуу жол табыла элек. Өлкөнүн Федералдык миграция кызматынын расмий өкүлү Михаил Тюркин 2006-жылдын 5-октябрында буларды айткан:

- Бүгүн Орусия аймагында 10 млн.дой мыйзамсыз мигрант иштейт. Ошондуктан Федералдык миграция кызматында иш көп. Биз ал мигранттарды бир канча жыл бою тутуп, операцияларды өткөрүп, административдик чараларды көрүшүбүз керек.

Жакында, 15-январдан тарта, Орусияда миграцияга тиешелүү эки жаңы мыйзам күчүнө киргени турат. Алардын бирөөсүнө ылайык, эмгек мигранттары орус жерине келгенде каттоодон өтүү аларга бир топ оңой болуп калат, бирок экинчи өзгөртүү мигранттардын базарларда сатуучулук кылышына тыйуу салат. Муну менен орус бийликтери көптөн бери башкы машакаттын бирине айланып келаткан мыйзамсыз миграцияга чекит коюну самашат.
Бир ок менен эки коенду атууга бел байлаган Кремль мыйзамды сыйлаган мигранттардын эсебинен өз калкынын санын да арттырып, демографиялык проблеманы чечүнү каалап жүрөт. Бирок этникалык орустар арасында улутчулдуктун улам жашарып баратышы буга олуттуу сокку урушу мүмкүн.

«Саясий курал»

Улутчулдук темасын соңку, 2003-жылкы, парламенттик шайлоодо Мамдумадагы орундар үчүн атаандашкан айрым партиялар өз кызыкчылыгына колдонушту. Популист Владимир Жириновскийдин ЛДПР, андан кем калбаган улутчул Дмитрий Рогозиндин «Родинасы» скинхеддерге симпатия арттырган адамдардын бүйүрүн бир топ эле кызытышкан.

Быйыл декабрда Орусияда парламенттик, ал эми 2008-жылдын март айында президенттик шайлоолор өтөт. Аларда улутчулдук темасы талапкерлер тарабынан дагы козголобу-жокпу – муну билүүгө да аз эле убакыт калды окшойт.
XS
SM
MD
LG