Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

3-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Пулатхан баштаган кыргыздардын көтөрүлүшүнө каршы жасалган жазалоочу отряд 1876-жылдын 3-январында Мусулманкуларык кыштагына багыт алышкан. Кыргызстан Конституциясына жасалган кезектеги өзгөртүү-түзөтүүлөр 2003-жылдын 3-январында соңуна чыкты.

Пулатхан баштаган кыргыздардын көтөрүлүшүнө каршы жасалган генерал-майор М. Д. Скобелевдин жазалоочу отряды козголоңду 12 күн ичинде талкалоону пландашкан. Полковник Меллер-Закомельский баштаган жазалоочу отрядга полковник Пичугиндин отряды кошулуп, 1876-жылдын -январында алар Мирабад жана Мусулманкуларык кыштагына багыт алышкан. Бу жерден алар 1876-жылдын 3-январында генерал-майор М. Д. Скобелев жетектеген негизги күчкө кошулушкан.

Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөрдүн бири Абдыкерим Сыдыков 1933-жылдын май айында «эл душманы» деген жалган жалаа менен камакка алынып, ОГПУ сурагынан өткөн. А. Сыдыковго Социал-Туран партиясынын анабашчысы, совет өкмөтүнө каршы күрөшкөн күчтөрдүн уюштуруучусу сыяктуу айып коюлган. Адам чыдагыз шартта жасалган сурактан улам ал коюлган күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болгон. Ташкент шаарында сурак жүргүзгөн ООСАВО начальниги П. П. Загвоздин, 1934-жылдын 3-январынан тарта А. Сыдыковго карата айыптоо жыйынтыгын жазып баштаган.

Кыргызстан Конституциясына жасалган кезектеги өзгөртүү-түзөтүүлөр 2003-жылдын 3-январында соңуна чыкты. Президент Аскар Акаевдин Конституция боюнча айтылган сунуштарды иреттөө ишин 15 адамдан турган эксперттик топко тапшырышы коомчулукта, айрыкча оппозиция арасында кескин нааразычылык жаратты. Алар экспертик топ башмыйзамды каалагандай калчап, бийлик эңсеген талаптарды Конституцияга кошоорун белгилешти.

Кыргызстан өкмөтү 2004-жылдын бу күнү чакан авиацияны өнүктүрүү туурасында токтом кабыл алды. Токтомдо каралгандай «Бишкек» эркин экономикалык аймагында А-27М үлгүдөгү чакан самолеттордо чыгаруу, аны экспортто жагдайы белгиленген.

2005-жылдын 3-январында кыргыз искусствосу оор жоготууга учурады. Бу күнү ондогон кино жана театрдык ролдордун ажарын ачкан 72 жаштагы кыргыз эл артисти Орозбек Кутманалиевдин жүрөгү согуудан калды.

Бу күнү, 1871-жылы Генри Брэдли маргарин майын патенттеп, б. з. ч. 106-жылы римдик саясий ишмер, ашкере чечен Марк Туллий Цицерон, 1777-жылы француз математиги Луи Пуапсо, 1883-жылы англис саясатчысы Клемент Эттли, 1892-жылы англис жазуучусу Джон Толкиен, 1950-жылы Формула-1 автожарыштын дүйнө чемпиону Михаил Шумахер жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG