Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:25

ЖАҢЫ ДҮЙНӨ ЖАРЫККА МУКТАЖ


Кыргызстандын электр энергиясына кызыккан тараптар арбын экендигин, башкаларды айтпаганда да АКШ менен Кытай бул багытта бир катар стратегиялык кадамдарды жасап жатканын айтышууда. Мисалы, Шанхай кызматташтык уюмунун изилдөө борборунун башкатчысынын орунбасары Ли Фань мырза кытай бийлиги ушу тапта өз аймагына Кыргызстандын электрэнергиясын алуу маселелерин талкуулап жатканын айтты. Ал эми Борбордук жана Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрү боюнча кеңешчи Роберто Дойч мырзанын айтуусунда, 1 киловатт электр энергиянын баасы Пакистанда-5 цент, Индияда-13 цент турат, ушу кезде Тажикстан электр энергиясын Орусия менен Казакстанга 1 центтен, Кабулга 2 центтен гана сатат. Эгер Кыргызстан Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнө өзү өндүргөн электр энергиясын жок дегенде 2 центтен сата эле турган болсо өмгөктөп келаткан экономикасын эбак бутуна тургузуп алмак эле, деп жазат «Борбор Азия» электрондук маалымат булагы.

Ошол эле Казакстан капиталынын чет өлкөлөргө «экспансиясы» башталганнын, маселен «КазТрансГаз» компаниясы Грузиянын борборундагы газ бөлүштүрүүчү тармакка 12, 5 миллион доллар инвестиция салуу менен анын мыйзамдуу ээсине айланганын, жакынкы беш жылдыкта инвестиция көлөмүн казак тарап дагы 80 миллион долларга жеткирүү үчүн иштеп жатканын, КМШнын айрым бир өлкөлөрү он беш жылдан бери саясат кумарынан көздөрү ачылбай келатса, Казакстандын капиталы улам жаңы өлкөлөрдү багынтып баратканын жазды «Хабар» маалымат агенттиги.

Бул күндөрү дүйнө коомчулугунун назары түркмөнбашысыз калган Түркмөнстанга бурулууда, анткени алдыдагы президенттик шайлоодо түркмөн элинин мындан аркы жашоо жолу кайсыл багытта кетери аныкталмакчы. Кабарчылардын билдирүүлөрүндө бу күндөрү Ашхабаддын базарларында тамак-аш азык-түлүктөрүнүн баасы кескин кымбаттап кетти. Ун таңсык товарга айланып, баасы бир жарым эсеге өстү. Картошка дайынсыз жоголду. Тамак-аштын кымбаттыгы айрыкча элет жерин мүшкүлгө салды. Сатуучулар менен кардарлар ортосунда нааразылык чыга баштады. Ошол эле учурда шайлоо алдындагы элдин маанайын катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасын алган атайын кызмат адамдары катардагы калк кейпинде кийинип алышып, базар аралап, кымбатчылыкка нааразы болгон кишилерди элдин көз алдында эле ур токмокко алып, сабап ийип жатышат, деп билдирди «Борбор Азия» маалымат агенттигинин кабарчылары.
XS
SM
MD
LG