Бул иш чарага президент Курманбек Бакиевдин катышышы ыктымал. Өткөн жылы бир катар арыздардын негизинде парламентте жана президенттин алдында атайын комиссиялар түзүлүп, башкы прокурор Камбараалы Конгантиевдин ишмердүүлүгү текшерилип, анын кызмат ордун карап көрүүнү комиссиялар президентке сунушташкан болчу. Президент өзү болсо башкы прокуратуранын ишине чуулгандуу бир катар иштердин жыйынтыгына жараша жыл аягында баа берилерин билдирген. (BuS)