Эки өлкө ортосунда келишимге кол коюшуу жаңы жылга эки мүнөт калганда болгон. Анализчилер мына ушул көрүнүштөн улам буга дейре формалдуу түрдө доспуз, биригебиз деп келе жатышкан эки өлкөнүн алакасы эми ыдырай баштаганын билдирип койду дешет.
Маскөөлүк бийлик тышкы саясатын өтүмдүү кылыш үчүн жер байлыгын, ачык айтканда, газ менен карамайын арачы кылып атканы эч кимди таң калтырбачу болду. Бир гана жери Кремл буга дейре Минскиге андай кысым көргөзө элек эле. Ошондуктан Маскөө менен Минскинин жыл алмашар алдындагы чатагы - бул орусиялык жетекчиликтин жаңы стратегиялык жолго түшүп атышы дешет.
Орусиялык субъектер жагып аткан ар бир миң кубометр көгүлтүр отун үчүн 45 доллардан акы төлөйт. Беларус жумурияты болсо буга дейре, куду орусиялыктардай 46,68 доллардан акы төлөп келген. Андай жеңилдик Кремлдин саясатынан улам болуп келаткан. Ошондуктан газдын баасынын көтөрүлүшүн беларустук режим башында турган Александр Лукашенко «опузалоо» деп катуу чамынган. «Газпромду» ал ур-бердиге алып тилдегенин айтышат.
Ал эми «Газпром» башкармасынын төрагасы Алексей Миллер келишиге кол коюушу болгондон соң мамлекеттик сыналгыдан: «Беларус алып жагып аткан көгүлтүр отундун баасы 2007-жылы ар бир миң кубометри үчүн 100 доллардан айланат», - деп билдирди.
Анализчилер чөйрөсү болсо орусиянын саясатында Лукашенко эми экинчи орунга сүрүлөт, эми беларус элинин көңүлү уулоо болот дешет. Маскөөнүн газ кысымын алар кандай кабылдашат – кеп ошондо дешет. Алдыңкы күнү режим ээси Лукашенко кайраттуу маалымат таркатты:
«Мен биздин өлкөнү буга дейре кандай болсо ошол бойдон сактап кала аларыбызга менин көзүм толук жетет!», - деди.
Эмне себептен Орусия быйылтан тартып Беларуска «боору таш» боло баштады деген суроону көп анализчилер айтышууда. Алардын бири саясатчы Александр Майоров. Анын баамында алдыдагы эки жыл орусиялыктарды кыйла сыноо күтүп турат. Ага Лукашенко кыйла жолтоо болушу ыктымал:
«Бул жылы Мамдумага шайлоолор өтөт, кийинки жылы президентти шайлоо болот. Орусиялык жетекчилик Лукашенконун ал майданга катышуусун калабайт», - дейт ал.