Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

КОЧКОРДО ЖЕР ТИТИРӨӨДӨ ЖАБЫР ТАРТКАНДАРДЫН АБАЛЫ ООР


3-январдан баштап Кочкор районунун аймагында болгон жер титирөөдөн жабыр тарткандардын абалын аныктоо боюнча өкмөттүк 11 комиссия иштей баштады. Өткөн жылы 25-декабрдан 26-декабрга караган түнү алты жарым - жети балл жер титирөөнүн кесепети Кочкор районуна көп экономикалык зыян алып келип, ондогон үйлөр жараксыз болуп калган.

Кумдөбө айылынын тургуну Кенжебек Кудайбергенов маалымат каражаттарында Кочкордогу жер титирөөнүн зыяндары ачык чагылдырылбай жатканына нааразычылыгын билдирип жана жабыркагандарга жардамдар текши, ачык- айкын берилсе дейт:

- Кумдөбө айылындагы үйлөргө жашаганга болбой калды. Коркунуч менен жашап атабыз. Кочкордогу трагедия КТРден жана башка маалымат каражаттарынан толук ачык- айкын чагылдырылбай жатат. Ошондуктан өкмөт деле анча маани бербей, жардамдар аз көрсөтүлүп жатат. Эми процентсиз ссуда берилсе, жабыр тарткандарга чыгымдарына жараша ачык- айкын берилсе деймин. Себеби колунда бийлиги, таасири барлар алышып, жең ичинен бөлүнүп, карапайым элге дагы жетпей калышы ыктымал.

“Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын Кочкор району боюнча координатору Жумабек Болотбековдун айтымында жер титирөөнүн кесепетинен ден-соолугу начарлаган кары картандар дале мурдакы калыбына келалбай жүрөт. Кыштын ызгаардуу суугунда чөп алачыктарда жашап кыйналгандар арбын.

-Күн өткөн сайын суук күчөп, Кочкор районунда ар дайым катуу шамал болуп турат. Үйлөрдү кыдырганда дагы жарылып кеткен үйлөрдө кары-картаңдар, балдар жашаган үйлөр көп. Ал үйлөргө аябай суук кирип аткан экен. Аларды колдон келишинче чүпөрөк менен жыртык, тешиктерин бүтөп коюшуптур. Бирок ал деле көпкө турбайт го.Көп үй-бүлөлөр өз үйлөрүнөн коркуп башка үйлөргө көчүрүлдү. Чынында Кочкордо ал- абал абдан кыйын.
Кочкор аймагында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу тууралуу Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча Бишкекте жана Кочкордо штаб түзүлүп, «Кыргызстан» банкында атайын эсеп ачылган.


Учурда өзгөчө кырдаалдар боюнча он бир комиссия иштеп жатат. Болжолдуу маалыматтарда, бул жер титирөөнүн кесепети Нарын жана Ысыккөл облустарынын Кочкор, Тоң, Ысыккөл райондоруна, Балыкчы шаарына тийди. Жер титирөөдө баарынан көп Кочкор району жабыркаган. Бул тууралуу парламенттеги талкууда сөз болгон. Жогорку Кеңештин аталган аймактан шайланган депутаты Рахатбек Ирсалиев жагдай боюнча маалымат берип, ишкерлерге кайрылуу жасаганын билдирди:

-Кочкорго мен барып келдим. Ал жерде чын-чынында эле жапа чеккен үйлөрдүн, ишканалардын, мектептердин, айрыкча өткөн кылымдын 30-40-50-жылдарында салынган үйлөр жабыркап, дубалдардан жарака кеткени көрүнүп турат. Жаз келип, күн жылыса көп үйлөр дагы кулашы ыктымал. Мындай үйлөргө жашоого болбойт.

Кочкор районунун акими Курманбек Байтерековдун айтымында, 500 чамалаш турак үй, 11 мектеп жана маданият үйлөрү керектен чыкты, жабыркаган турак-жайлардын болжолдуу эсеби алты миңден ашкан:

- Кочкор районунда 26-декабрга караган түнү болгон жер титирөөнүн натыйжасында ар кандай деңгээлде 6 миңден ашуун үй зыян тарткан. Алардын ичинен 10 толук талкаланса, 500дөн ашууну катуу жабыр тарткан. Мына 142 түтүн Исакеевде болуп атат. Ошонун 70% жаракат алган, бурчтары ачылып кеткен, жарылган, ортосу бузулуп кеткен.

Негизинен азыркыга чейин комиссия айылдарды кыдырып жүрөт. Алардын жалпы жыйынтыгы канча суммага акча каражатка зыян келтирилгендиги, дегеле канча үй жабыр тартканы төрт күндөн кийин белгилүү болот.

Кырсыкта баарынан көп жабыркаган айылдардын катарында Баялы Исакеев, Каратоо, Кумдөбө, Каратоо, Сарыбулак, Кочкор, Теңдик, Акжар , Семизбел, Кочкор айылдары аталып, мындан башка айылдардагы турак үйлөрдү да комиссия иликтөөдө.

Аким Байтерековдун айтымында, кыш чилдеде кырсыкка кабылган элдин акыбалы оор. Эки айылда трансформатору күйүп кетип, жаңы трансформаторлор коюлду. Дагы үчөө келип, Чүй облусу 5 трансформатор жиберди.

Ошондой эле чет өлкөлүк уюмдардан “Кызыл жарым ай” коому жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белек тартуулашкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG