Талас дубанынын күн чыгыш жагында жайгашкан Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундарына “Жерүй алтын” компаниясы жаңы жылдык белек катарында жүздөй жетим жана жарым жетим балдарга жылуу кийим, кары-картаңдарга тамак-аш берүүдө.
-“Жерүй алтын” компаниясы жаңы жылы жүздөй балага, бей бечера үй-бүлөлөргө, жетим балдарга жылуу кийим тараттык. Андан тышкары Кеңеш айылында мектеп жок экен, балдар Сасыкбулак менен Чатбазарга жөө барышат экен. Автобус койдук. Азыр 2 жарым миллион сом жардам бердик, - деп билдирди “Жерүй алтын” компаниянын коомдук байланыш боюнча өкүлү Нарынбек Өзүбеков мырза.
Белектерди таратып жатканда компаниянын өкүлдөрү менен бирге үйлөрдү кыдырганыбызда Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасыкбулак айылынын тургуну Сабира Тургунбаева “белегиңерге ырахмат, мен экижүздүү боло албайм” деп компаниянын өкүлдөрүнө кайрылды:
-Келиптирсиңер элдин көңүлүн алалы, жаңы жылда колдон келген белекти берели деп. Көп жашагыла. Компанияңар жөнүндө мен эч нерсе айта албайм, эки жүздүү боло албайм.
Бекмолдо айыл өкмөтүндө ачылган “Урпактардын теңдиги” деп аталган уюмдун өкүлү Эрлан Байкүчүков Таласты Барскоондогудай кырсык баспаса болду деген коркуп жатканын айтты:
-“Жерүй алтын” кенинин ачылганы булар цианид менен иштейт экен. Кумтөрдөн цианид ташыган унаа авария болгон. Ушундай проблемалар бар. Мисалы бул жерде цианид авария болсо эмнеге алып келет?
Бүгүнкү учурда Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундарынын баштары айланууда. Эки жакта эски компания жана жаңы компаниянын өкүлдөрү, таптакыр алтын казылбасын деп экологиялык маселени козгогон адамдар дагы чыгууда. Ошол себептүү, бир айылдын тургундары үчкө бөлүнүүдө.