Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

15:31 Жалалабатта зилзаладан жабыркагандарга жардам көрсөтүү акциялары башталды


Төрт күнгө эсептелген кайрымдуулук акциянын алгачкы күнү борбордук базардын алдында өттү. Акциянын демилгечилери болгон «Жаңы Кыргызстан», «Эркиндик» партияларынын облустагы жана Жалалабат шаар мэриясынын жетекчилери Кочкор районунда болгон жер титирөөдө жабыр тарткандар эл менен журтчулуктун камкордугунда болоорун белгилешти. Эл эч качан бөлүнбөй тургандыгын, ынтымак - кыйынчылык башка түшкөндө билинерин айтышты. Карапайым калктын арасынан өз ыктыярлары менен миң, эки миң сомдон салым кошкон жарандар болду. Акциянын жыйынтыгы 7-январда чыгарылып, элден жыйналган каражат зилзала болгон аймакка жөнөтүлөт. (YA)

XS
SM
MD
LG