ХИПКке каршылардын катарын бириктирген "Кайра жаралуу эл биримдиги" кыймылынын жетекчиси Болот Айдаров карыз акчанын кайда жумшалып жатканына кызыкпаган, дегеле кредиттин кантип пайдаланып жатканына көңүл бурбаган эларалык каржы уюмдарын эларалык сотко берүүгө аракет кылып жатышканын маалымдады.
- Канча колхоз-совхоздор, курулуш, башка ишканалар талкаланган. Алардын баасы 150 миллиард доллар дешет. Биздин экономиканы ушундай ахывалга алып келишти. Бул түздөн-түз Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын жасаган иштери. Ошону биз коомчулуктун талабы менен башка жактан аудит алып келип текшертип, экспертиза кылып, андан кийин Эларалык сотко берели деп жатабыз. Кудай буюрса, аны беребиз. Андан сырткары келген кредит менен инвестициянын кайда жумшалганын такташыбыз керек. Каякка кетти, ким канча жеди, ошону да соттор аркылуу «кустурушубуз» керек.
«Кыргызстан» банк президентинин жардамчысы, антихипикчилер кыймылынын активдүү мүчөсү Калича Өмүралиева да оголе көп акча каражатынын кандай иштетилип жатканына, анын кайрымжысы калкка тийбей жатканына кызыкпаган эларалык каржы уюмдарынын да жоопкерчилиги болуш керек деген ойдо.
- Кредит берген Дүйнөлүк банктын кредит инспекторлору, Эларалык валюта кору жооп берсин.
К.Өмүралиева Кыргызстан кедей өлкө эмес, калкынын кыйласы бардар жашайт, чет элдик кымбатбаа машинелер менен көз жоосун алган кооз имараттарды салып жаткан ишкерлер менен чиновниктерди көрүп туруп «жакырбыз» деп айтыштын өзү уят дейт.
- Бизде эки ички дүң продукт – ИДП бар, бири ачык, экинчиси көмүскө. Ал экөөнү кошкулачы, биздин өлкөдө канча акча барын ошондон билүүгө болот. Эмне үчүн бизде кымбатбаа жиптер, лимузиндер көп. Көз жоосун алган үйлөр салынып жатат. Балдары чет мамлекетте окуп жатат. 1 миллионго жакын кишилерибиз чет өлкөлөрдө иштеп, бул жерге акча жөнөтүп жатышат. Анын баары ИДПга түшүп, кыргыздар турмушун оңдоп атабы же жокпу? Оңдоп жатышат. Эмне үчүн аны эч ким эсине албай, реалдуу ИДПны карап бизди Африка өлкөлөрүнө салыштырышат. Биз Африка өлкөлөрүнө окшобойбуз.
Антихипикчилер кыймылынын мүчөсү Чынара Сейдахматованын ырасташынча, маселе тышкы карыздын көп же аздыгында эмес. Кептин баары өлкөнү ушундай осол абалга алып келген башкаруучуларга карата элдин нааразылыгында.
- ХИПК бул чогулган чоң ичкүптү болуп калган. Ал жыйналып-жыйналып отуруп, нааразылык күчөп, бир күнү жарылып чыгышы керек эле. 24-мартта кыйла үмүт пайда болгон эле. ХИПК ошол үмүт-тилектин баарын чар учкандай кылды. Биз А.Акаевди белимчи экономикалык саясат жүргүзгөндүгү үчүн жаман көрүп кууп чыкпадыкпы. Ал ички мүмкүнчүлүк, күч-кубатты пайдалана алган жок. Ал бул жерде бизнес өнүгүшүнө кам көргөн жок, коррупция системасын өнүктүрдү. Мен деле ишкерлердин биримин, азыр бажыдагылар параны уялбай-этпей эле алып калышты. «Биз муну өйдө жактагыларга беребиз» дешет. Антип ачык айткандан тартынбай деле калышты,- дейт Ч.Сейдахматова.
Кыймыл мүчөсү Анара Дауталиева өкмөт башында отургандар эки ача сүйлөп, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Ф.Кулов амал-арга түгөнгөнүн айтып алакан жайып отурса, анын биринчи орунбасары карызды төлөөнүн мүмкүнчүлүктөрү толтура экенин айтуудан тажабайт дейт.
- Мына эми карагыла. Эки жооптуу жетекчи эки башка сөздү сүйлөп турса кимисине ишениш керек?
Ал эми өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов ХИПК программасына кирүүнүн үч этабы бар дейт.
- Менин да ХИПК боюнча биртоп суроолорум бар. Аны билиш үчүн биз таанышуу этабына киришибиз керек. Ага киргенибизден кийин аны жакшылап иликтеп көрөбүз. Бул жагынан мен президентти колдойм. Биздин позициябыз бирдей. Эгер анын биздин элдин, өлкөнүн кадыр-баркын түшүрө турган шарттары болсо биз бул программага кирбейбиз. Азыр шарттарды үйрөнүү жөнүндө гана сөз болууда. Бул процесске биз кошулушубуз керек. Ал бизге эмнени берет? Биз таанышууга кирген маалдан тарта карызды төлөөнү кийинкиге жылдыра алабыз. Кеп ушунда.
Өкмөт ошентип программанын шарттары менен таанышууга макулдугун берип, быйылкы жылдын мартында өтүүчү Эларалык валюта кору менен Дүйнөлүк банктын директорлор кеңешинин бүтүмүн күтүп отурат. Ал эми экинчи, үчүнчү этаптары кандай экенин, анын шарттары өкмөткө деле толук айкын эмес.