Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

ТАЙГАК ЖОЛ - КЫРСЫКТАРГА СЕБЕПКЕР


Учурда кыш өкүмүн сүрүп, жолдор тайгак болуп, мурдакыдай жолго туз, кум себилбегендиктен жол кырсыктары арбын болууда дешет айдоочулар. Мындан сырткары адистердин айтымында жол эрежелерин одоно бузуу, унааны кышка даярдабай, кышкы дөңгөлөктөр тагылбаганы жана коопсуздук курду тагынбоо да кырсыктарга себепкер болууда.

Бишкек шаардык МАИнин жетекчисинин орун басары Токтосун Сатаровдун маалыматына караганда 2007-жылдын 1-январь түнү Бишкектин Ден Сяопин жана Мессароша көчөлөрүнүн кесилишинде адам өмүрү кыйылган жол кырсыгы болгон.

"ВАЗ" жана Бусик автомашиналары кагышып 6 адам жабыркаган. Алардын үчөө ошол жерден жан берген. Алдын ала маалыматтарга караганда "ВАЗ" автомашинасынын айдоочусу катуу баратып карама-каршы келаткан Бусиктин жолуна чыгып кетип кагышкан. Андан барып бакка урунган. Бул машинада алты киши бараткан. Айдоочу да, жүргүнчүлөр да коопсуздук ременин тагынган эмес. Каза болгондор 110-кварталда жашаган кошуналар экени такталды. Жолдо жүрүү эрежелери сакталбай, транспортту катуу ылдамдыкта айдоо, айдоочулар машиналарын кышка даярдабаганы, коопсуздук курду тагынбаганы автокырсыктардын көп болуп жатканына негизги себептер болууда.

Бишкек шаардык мамлекеттик автоинспекциясынын маалыматына караганда, былтыр шаарда 929 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 132 адам каза болуп, 1007 адам жаракат алган. Бул өткөн жылдагыдан эки эсеге көп.

Бишкек шаардык МАИ башкармасынын жетекчисинин орун басары Токтосун Сатаровдун айтымында кышкысын жол эрежесин бузгандардын негизги бөлүгү автоунааларды кышка даярдабай катуу ылдамдыкта жана мас абалында айдагандар. Алардын ичинен, маселен, жол кырсыгына себепкер болгон 200 айдоочу качып, изин жашырып кеткен.

Ошол эле учурда көпчүлүк айдоочулар автокырсыктардын күн санап өсүшүн жол эрежелерин билбеген жаш айдоочулардын опсуз көбөйүп кеткендигинен жана жолго туз, кум себилбегенинен көрүшөт. Кеминдик айдоочу Ислам Исраиловдун айтымында, жаңы жыл алдында жана учурда жолго кум, туз себилбей, кар күрөлбөй жатканы кырсыкка себепкер болууда.

Айдоочулардын мындай айыптоосун Бишкек шаардык санитардык- экологиялык инспекциясынын жектекчиси Эмил Тулкиев четке кагып, жолго себилүүчү кум, туз жетиштүү даярдалып, себилип жатканын билдирди.

Кыйма-чийме жолдордун сапатынын начардыгы кырсыктардын дагы бир негизги себептеринин бири катары аталып келет. Мындай көз караштагыдардын бири - Бишкектин тургуну айдоочу Актан Асанов:
"Жолдун көпчүлүк бөлүгү уңкур-чуңкур болуп атпайбы. Бул жердеги чоңдор оңдоп атабыз дегени менен борбордук жолдор оңдолуп, башка жактагы жолдор каралбай калбадыбы. Боом капчыгайы, Нарын тараптан эмнеге көп кырсык катталып атат, демек автожолдор кууш, жаман. Менин оюмча жол кырсыгынын чыгышына негизинен кан жолдордун талапка жооп бербегени себеп болууда."

Айдоочу Исмаил Исраиловдун пикиринде, Транспорт министрлиги жол салыгын алгандан кийин кышкысын жолдордун кесилиштерине кум, туз сээп, карын тазалап, бир тараптуу жолдорду, ыкчам жүрүүчү кан жолдорду көбөйтсө, ошондой эле МАИ жол эрежелерин бекем сактоонун механизмин иштеп чыкса, жол кырсыгы алда канча азаймак.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG