Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:38

«ЯЛЛА» БИШКЕКТЕ КОНЦЕРТ БЕРЕТ


Атактуу "Ялла" ансамблинин концерти Улуттук филармонияда болот. Бул маданий иш-чараны “Проминвест” ишканасы уюштурууда.

Ансамблдин көркөм жетекчиси, Фарух Закиров Бишкектик көрүүчүлөр менен көптөн бери көрүшпөгөндүгүн айтып, чыгармачылык сапардын максаты туурасында мындай деди.

-Биз кыргыз көрүүчүлөрү менен көптөн бери жолуга элекбиз, андыктан негизги максатыбыз эле жолугушуп, баарлашуу. Экинчиден кыргыз элине бизден жаңы жылдык белек болсун деп концертти коюп жатабыз. Жаңырган жылды мына ушундай жагымдуу иш-чаралар менен баштап жатабыз, андыктан бул жыл жакшы жылдардан болуп, эки элдин достук мамилеси мындан ары бекемделет деген ойдомун. Концерттик программа жөнүндө айтып кетсем ырлардын дээрлик баардыгы жаңы жана ар кандай темадагы чыгармалар. Ошондой эле күйөрмандарыбыздын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эски ырларыбыздан да ырдайбыз. Концерт эки саатка созулат.

Ал эми топтун ырчысы Жавлон Токтаевдин айтымында ансамблдин репертуарында үч жүздөн ашык чыгарма бар, анын ичинен көпчүлүгүн сүйүү темасындагы ырлар түзөт.

-Мен Кыргызстанда бир нече ирет болгом. Акыркы жолу мындан үч жыл мурда келип кеткем. Мага бишкектик көрүүчүлөр аябай жагат. Анткени, концерт учурунда колдоп-коштоп, жакшы кабыл алышат. Андыктан бул жолку кечебиз дагы көңүлдүү өтүп, мындай жолугушуулар дагы далай жолу болот деп ишенем,- деди ансамблдин бийчи кызы, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисткасы Роза Абдухаирова.

"Ялла" ансамбли буга чейин Бишкекте жана Ош жергесинде бир нече ирет концерт беришкен. Ансамблдин ырчысы Абоз Алиев: “Биз алдын ала тигил шаарга же бул өлкөгө гастролго чыгабыз деп пландаштырбайбыз, кайсыл жакка чакырса ошол жакка кете беребиз. Кыргызстандын аймактарына гастролго чыгууга деле ниетибиз бар, андыктан продюссерлер, маданий борборлордун жетекчилеринен сунуштар түшсө биз сүйлөшүп көрөт элек,”- деген оюн билдирди.

"Ялла" ансамбли ошондой эле келечекте кыргыз ырчылары менен биргелешип да концерт берсек деп ниеттенишүүдө.
XS
SM
MD
LG