Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

БИШКЕКТИН ЖОЛДОРУНДАГЫ КАР ЭМНЕГЕ ТАЗАЛАНБАЙТ?


Бишкектеги акыркы күндөрү жааган кар, анын тазаланбай турушу айдоочулар үчүн кыйла эле түйшүк жаратты. Бишкек шаардык Мамлекеттик авто инспекциясынын берген маалыматтары боюнча бул күндөрү ордо калаада жол кырсыктарынын саны өскөн. Ушундан улам жолдордун кардан тазаланбай турушу айдоочуларга кандай түйшүк жаратууда, эмне үчүн жолдордогу карлар тазаланбайт деген сыяктуу суроолор пайда болот.

Бишкектин жолдору жааган кардан убагында тазаланбагандыктан жолдор тайгак болуп, айдоочуларды кыйын абалга калтырууда. Бишкек шаардык Мамлекеттик авто инспекциясынын билдирүүсү боюнча акыркы күндөрү жолдун тайгагынан улам жол кырсыктары демейдегиден көбүрөөк катталууда. Айрым айдоочулардын айтымында жолдордогу карлар маалында тазаланып турса жол кырсыктары да азыраак болмок. 22 жылдан бери айдоочу болуп эмгектенген Болоттун айтымында, жаңы жыл алдында жааган карды эч ким тазалаган эмес:

- Жаңы жыдын алдында кар түшпөдүбү. Анан кар тазалаган жумушчуларды көргөн жокмун чынында. Жаңы жылдын алдында майрамга байланыштуу ушундай болдубу же башкабы мен да түшүнбөй калдым. Анан светофордун алдында тайгаланып атабыз. Үлгүрбөй калып атабыз, кызылга илешип калып атабыз. МАИ токтотот, кызылга илешип калдың дейт. Түшүнбөйт, тайгаланып атканыңды эсепке албайт.

Ал эми Жеңишбек аттуу айдоочу, жолдордогу карлардын тазаланбаганынан улам жол кырсыктары көбөйүп кетти деген ойдо:

- Кар жаганда маал-маалы менен тазалап турса бизге жакшы болот эле. Ошондон улам кырсыктар көп болуп атат, көп адамдарды тормоз кармабай, машине тайгаланып барып сүзүп кетип атат. Ошол карлардын бардыгын жол тазалагычтар убагында тазалап турса жакшы болбойт беле.

Айдоочу Бакыттын айтымында бүгүнкү күнү тайгак жолдорго туз, кум да себилбей калды. Ошол себептүү азыркы тапта айдоочулар светофордун алдына да кыйынчылык менен токтоп калышты:

- Аябай эле коопту учурлар көп болуп атат. Жок дегенде ушул кумга туз аралаштырып светофорлорго жүз метрден кылып сээп койсо токтогонго жеңил болмок. Азыр биртке катуураак айдап койсоң светофордун алдында да токтой албайсың. Дөңгөлөгүң начар болсо андан жаман.

Тазалоо иштерин негизинен Бишкек шаардык санитардык-экологиялык инспекциясы көзөмөлдөйт. Инспекциянын жетекчиси Эмил Тулкиев, жолдордогу карлардын убагында тазаланбай жатышын тазалоочу техниканын аздыгына байланыштырды:

- Шаар боюнча болгону төрт кар тазалоочу машинебиз бар. Жетидей атайын техникабыз бар, жолдорго кум, туз чача турган. Алты трактор бар, щеткасы менен жолду тазалай турган. Анан ар бир комбинатта бирден грейдерлер бар. Бул жетиштүү эмес. Бул абдан аз болуп атат. Ошол себептүү биз жанагыдай чоң борбордук көчөлөрдү тазалаганга эле жетишип калып атабыз. Анан жанагы майда көчөлөрдүн каралбай калып жатканынын бирден-бир себеби да ушул, техниканын жетишсиздиги. Каражат анча-мынча кыйын болуп атат,- дейт Эмил Тулкиев.

XS
SM
MD
LG