ХИПКке каршылардын башын бириктирген бул кыймылдын башчысы Болот Айдаров Кыргызстандагы завод-фабрикалардын, чарбалардын талкаланышы Эл аралык валюта кору жана Дүйнөлүк банк менен келишилип жасалган деген пикирде. Кыймыл бул маселени иликтөө үчүн эл аралык аудиттерге кайрылмакчы. Ошондой эле берилген кредиттер каякка ким аркылуу кеткени да аныкталууга тийиш. Кыймылдын мүчөлөрү бул маселеде берилген карыздын кандай пайдаланылып жатканына кызыкпаган эл аралык каржы уюмдарынын да жоопкерчилиги болуш керек деген ойдо.(SM)