Айрым эксперттер эки өлкө ортосундагы мамилелер - 2001-жылы Ооганстандагы бийликке Карзайдын өкмөтү келгенден бери эң начар абалга жетти деген пикирде. Ооган өкмөтүнүн айтымында, талибдердин калдыктары эмгиче кошуна Пакистандын аймагында жашынууда жана чек ара аймактарында алардын машыгуу базалары да бар. Ошондуктан, эгер Пакистан өзүнүн кошуна мамлекетине жакшылык кааласа, ал базаларды жоюп, террорчуларга каршы чечкиндүү аракет көрүүгө тийиш.
Пакистан өкмөтүнүн айтымында болсо, эгер Кабул - террорчулар Ооганстанга Пакистандын аймагынан кирип жатат деп эсептесе, анда Пакистан өз күчү менен чек араны сым менен тосуп, чек ара тилкесине мина коюуга даяр. Сүйлөшүү негизинен ушул маселеге арналды жана эки тарап бир пикирге келе алган жок.
Ал тууралуу президент Карзай өзү да айтты: "Тилекке каршы Ооганстан менен Пакистан ортосундагы мамилелердеги пикир келишпестик жоюлгандын ордуна күчөп баратат. Эки кошуна мамлекет, эки өтө жакын өлкө ортосундагы байланыштар кризиске учураганы чындап эле өтө кейиштүү жана аны ишеним кризиси деп атаса болот", - деди президент Карзай жолугушуудан кийин.
Кабулдун айтымында, биринчиден, Ооганстан - миналарга каршы эл аралык конвенцияга кол койгон, ошондуктан чек араны миналоого жалпысынан каршы. Экинчиден, ооган өкмөтүнүн айтымында, андай сым короо жана миналар террорчуларды баары бир токтото албайт жана жергиликтүү калкка гана гана кошумча тоскоолдук түзөт.
Башка эксперттердин пикиринде болсо, маселе - эки мамлекет ортосундагы чек ара так аныктала электигинде. Алардын айтымында, сым короо тургузуу менен Пакистан - Британиянын оторчулугу учурунда 1893-жылы түзүлгөн чек араны бекитип алууга аракеттенүүдө, ал чек араны болсо бир дагы ооган өкмөтү буга чейин тааныган эмес.
Эки тарап тең - талибдердин калдыктары кошуна өлкөнүн аймагында жашынууда деп бир-бирин күнөөлөп жатат. 4-январда болсо Пакистандын "Доон" деген гезитинде Талибан кыймылынын жетекчиси молдо Омардын интервьюсу жарыяланды. 2001-жылы Талибан бийликтен кулатылгандан кийин бул - молдо Омардын алгачкы игтервьюсу. Гезиттин сурролоруна ал - кыймылдын басма сөз катчысы Мохаммад Ханиф аркылуу жооп берген.
Молдо Омардын айтымында, талибдер Ооганстандын өзүнүн аймагындагы тоолордо жашынууда. Алардын жоокерлеринин "ал-Каида" террордук уюму менен байланышы жок, ал уюм жалпы террордук аракеттерди көрүп жатса, талибдер Ооганстанды чет өлкөлүк оккупанттардан бошотуу үчүн күрөшүүдө дейт Омар. Анткен менен, молдо Омардын айтымында, "ал-Каиданын" жалпы идеологиясын ал колдойт.