Ооган президенти Хамид Карзай Пакистандын премьер-министири Шоокат Азизге эки өлкө ортосундагы байланыш начарлап кеткенин айтты. Президент Карзайдын Кабулда болгон кездешүүдөн кийин айтышынча, өткөн жылы Ооганстан - Пакистан аралык карым-катнаш начарлап кеткен. Шоокат Азиз болсо Исламабад чек араны миналоо жана тосуу иштерин пландоону улантып жатканын билдирди. Пакистандын Ооганстан жак чек арасын миналап тосмолоо планын ырасмий Кабыл өз кезегинде сындаган.