Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

ТОО ЖЫЛЫ ЭМЕС, ДОО ЖЫЛЫ КЕЛДИ


Өтүп бараткан жыл өлкөнүн экономикалык турмушунда кайсыл өзгөчөлүгү менен эсиңизде калды деп сурамжылоо жүргүзүшкөндө орус жарандарынын басымдуу бөлүгү Путиндин бала төрөгөндүгү үчүн энелердин капиталын көбөйтүү тууралуу указын айтышкан. Кокус ушундай эле суроону Кыргызстандын жарандарына берсе алар адегенде эле ХИПИК жөнүндө сөз кылат болчу дейт, «МСН» гезити.

Ошентип, Кыргызстан он беш жылдан берки алган карызын төлөй турган күндүн сааты да келип жетти, быйыл 70 миллион доллар төлөшү керек, ал эми бул эсеп кийинки жылдары улам өсүп олтуруп жылыга 100 миллион долларга жетип турат, дейт.

Ушул эле карыз темасына «Өзүбүз түшчү аңды өзүбүз казганбыз» деген макаласы менен «Новый Кыргызстан» гезити да кайрылган. Анын пикири боюнча сырттан алган акчалардын канчасын майнапсыз далай иштерге жок кылдык. Айрыкча ойдо жок шаан-шөкөттөрдү ойлоп табуу жагынан Кыргызстан он беш жыл бою алдына жан салбай келди. «Ала Тоодой эт туурап, Ала Көлдөй чык берген» мындай өлкөгө бтдүйнө карыз берсе да түтөөрүн кудай билет. Саларга куш, кыларга иш таппаганда жөн турган Чүй борборун тим койбой, бирде Токмокко көчүрүп, бирде Токмоктон көчүрүп, «алаксып» турбадыкпы. Эгер 2007-жылы так ушул логика менен жүрүп олтурса, Кыргызстандын Түштүгү-байыркы дүйнөлүк цивлизациянын бешиги болгон деп, шумерлер менен ацектердин, инкилер менен дагы бир сөөгү жакындарынын баланча жылдыгын өткөрүүдөн кайра тартпайт кыргыз, буту ХИПИКте турганы менен кымындай иши жок, анткени башы ар дайым булутта, дейт гезит.
XS
SM
MD
LG