Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:17

ОШ: “ХИЗБУТЧУЛАР” ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ МАЙРАМДООГО КАРШЫ ЧЫГЫШТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ош шаарында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун өкүлдөрү жаңы жылды белгилөө боюнча өкмөттүн токтомуна каршы мусулмандарга чакырык салган баракчаларды таркатууда. Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги расмий комментарий берүүдөн баш тартты.

Жаңы жылдын алдында жана андан кийинки бир жумадан бери Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө “ата бабабыз майрамдабаган жаңы жылды биз майрамдашыбыз керекпи. Жаңы жалды белгилөө жана ага акча каражатты сарыптоо арам иш. Мусулмандар биримдиги үчүн” деген сыяктуу ураандар жазылган баракчалар таркатылып, көрүнүктүү жайларга илине баштады. Кыргыз бийлигинин саясатына каршы багытталган бул ураандардын көпчүлүгү негизинен кыргыз тилинде жазылган. Мындай кадамдарга барууга негиз болгон себептер тууралуу “Хизб-ут Тахрир” уюмунун жергиликтүү лидерлеринин бири Усман Ходжаев мына буларды билдирди:

- Жаңы жыл диний майрамды бузгандай көрсөтүп атат. Бир жумадан кийин Рождество башталганы турат. Муну Кыргызстан элинин бюджетинен каражатты сарыптап майрамдаш 80 пайыз мусулмандарды урматтабастан, укуктарын тебелегендик болот.

Анткен менен өзүн традициялуу ислам дининин жактоочусу катары эсептеген момун мусулмандардын өкүлү Шайлообек Атазов жыл саноо тарыхый жактан калыптанып калган мезгилди белгилөө коомчулуктун аң-сезимине кирип калгандан улам, аны исламга негизделбеген майрам катары зордук менен танууга мүмкүн эмес экендигин айтып өттү:

- Бир жыл аяктап экинчи жаңы жылга өтүп аткандан кийин бул жаңы эсеп. Биз буга традиция катары көнүп калганбыз. Ал эми мусулмандардын майрамы Курман айт болгондон кийин аны негизги майрам деп майрамдайбыз. Бирөөнү зордогон болсок, ал ыйманы быша элек, келме келтире элек, куран жаттай элек болгон болсо биз аны бүгүн тоспо деп айта албайбыз, - дейт “Намыскөй мусулман” жамаатынын өкүлү Шайлообек Атазов.

Жаңы жылды белгилөө жана ага карата майрамдык жумалык өргү берүү боюнча өкмөттүн токтомуна каршы багытталган баракчалардын таркатылышы боюнча жергиликтүү укук коргоо органдарынын жетекчилери расмий комментарий берүүдөн баш тартышты.

Анткен менен юрист-эксперт Руслан Ташанов Кыргызстан динге негизделбеген мамлекет болгондуктан бардык диний расмийлерге бирдей шарт түзүү зарылдыгын айтып өттү:

- Кыргыз Республикасы динге негизделбеген мамлекет деп жазылган. Кыргыз мамлекетинде жалаң гана мусулмандар эмес, андан тышкары христиан динине, буддизмге ишенгендер бар. Ошондуктан биз бардык жарандарга бирдей шарт түзүшүбүз керек. Эгерде биз жаңы жылды, же Христостун кайра туулган күнүн майрам катары белгилебей турган болсок, анда биз Конституциябызды өзгөртүшүбүз керек. Ислам мамлекети деп жазылгандан кийин гана ислам мамлекети катары жашашыбыз керек. Ал эми жаңы жылды майрамдоо туура деп эсептейм. Кыргызстанда бардык динге бирдей шарт түзүп атат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы ишенимдүү булактардан алынган маалыматка караганда, учурда “Хизб-ут Тахрир” уюмунун кыргыз бийлигинин саясатына каршы багытталган мазмундагы баракчаларын басып чыгаруучу жайлар жана аны таркатуучуларды кармоо боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
XS
SM
MD
LG