Бул тууралуу «Азаттыктын» кабарчысына райондук администрациядан кабарлашты. Бүгүн болсо Кочкордо каржы, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар баштаган алты министрликтин жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өтүп, анда жер титирөөдөн жабыркаган имараттардын абалына баа берип жаткан комиссиялардын тыянактарын угушту. Учурда бул максатта Кочкордо он бир комиссия иштеп жатат. Министрлердин милдетин аткаруучулар ушул эле күнү зилзаладан жабыр тарткан айылдарды кыдырышты.