Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

ОРУСИЯ МЕНЕН БЕЛАРУС АЛАКАСЫН КАРАМАЙ МЕНЕН ГАЗ ЧИРИТТИ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Нефтигаз чөйрөсүндөгү Орусия менен Беларустун кармашын АКШ кескин сындады. Америкалык мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон МакКормак, кечээ Беларус жери менен өтчү орусиялык нефтиге салык салган беларустук жетекчиликти керт башынын кызыкчылыгын көздөп атат деп айыптады. Ошону менен бирге АКШнын мамдепартаментинин өкүлү өзүнөн энергетикалык кубат өндүрүүчү товарларды алып атышкан өлкөлөргө кысым көргөзөт деп Москваны да сынга алды. Эки мамлекет ортосунда чатак «Газпром» Беларуска 1-январдан тартып газдын баасын эки эседен көп кымбаттаткандан улам чыккан.

Анализчилер болжолунда, эгерде Минск өз жерине жаткырылган «Достук» ноо менен агып өтүп аткан карамайдын ар бир тоннасы үчүн беларустук жетекчилик оозангандай 45 доллардан бажылык салык алганда ал өлкө жылына 3,2 миллиард доллар киреше табат экен.

Орусиялык тарап дүйнөдө мындай учур болбогонун бетке кармашууда. Маселен, Орусиянын экономикалык өнүгүү министрлигинин төбөлү Максим Медведков ушундай дейт. Андан тышкары эки өлкө ортосунда сооданы эркин жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишимди эскерерт:

«Ал ишеним Орусия менен Беларус ортосунда жетишилген жана күчүндө кала берип келе жаткан, 1992-жылы ноябрдегы келишимде чагылдырылган», - дейт.

Бирок азыркы чатактан бошонуп чыгуу эми эң жогорку деңгээлде саясий чечимди талап кылып калды, дейт саясий изилдөө институтунун жетекчиси Дмитрий Орлов. Кремль менен Минск кожоюндарынын кармашы карамай менен газды саясатташтырып атышынан улам болгонун айтты.

«Карамайды агызып өткөндүк үчүн (Беларус салган – ММ) салык Орусия мамлекетине эмес, ал орусиялык карамай өндүрүүчү компанияга тийешелүү»,- дейт эксперт.

Мына ошол себептен ага бажылык салык салынышы дегеле мүмүн эмес эле. Бажылык союзуна кирген өлкөлөр 1998-жылы 22-январда түзүшкөн келишим негизинде (Беларус – ММ) жери аркылуу алынып өтүлчү товарларды салыктан ажыратуу болгонун айтат.

Дагы бир маселе Минск бийлиги орусиялык карамайды бекер алып, аны тазалатып үчүнчү мамлекетке сатып киреше таап турган экен. Анализчилер эсебинде андай каражат жылына 5 миллиард долларга тете болуп турган. Ошол акчадан президент Лукашенко менен анын жакын чөйрөсү марып атканы айтылууда. Минск жетекчилиги катуу чамынышы ошол булак тыйылып калабы деп чочулап атканынан да деп айтышат.

Лукашенко болсо орусиялык мамлекеттик сыналгыдан:
«Орусияга биринчи чейректе, бул жерде алар бекер алып келе жаткан бардык, согуштук объектерден тартып (карамайды – ММ) алып өтүүгө чейинки тейлөө үчүн акы төлөө сунушу жиберилүүгө тийиш!» - деп министрлерине көргөзмө берди.

Баса, эксперттердин дагы бир болжолу Маскөө эми Лукашенкону таштап «Достук» ноосун эскилиги жеткендиктен жерге көөмп, анын ордуна Балтика жана Кара деңиздеринин түбү менен ноо жаткырып Батышка энергия кубатын берүүчү отундарды жеткирүүнү самоодо дешет.

XS
SM
MD
LG