Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 04:17

ТИЛИМ-ДИЛИМ: КЫРГЫЗ СПОРТУНУН ТИЛИ КАЧАН КЫРГЫЗЧА ЧЫГАТ?


Эмне үчүн Кыргызстанда өткөн эларалык же жергиликтүү спорт мелдештери кыргыз тилинде өткөрүлбөй келет? Ушундай оюндардын беттешүүлөрү өз эне тилиңизде өткөнүнө күбө болгон учурларыңыз барбы? Спорт намыстын иши дешет. Чын эле ошондой болсо, спорт мекемелеринин жетекчилери менен кыргыз спортунун атын жамынгандар эмне үчүн спорт тилинин кыргызча калыптанышына кайдыгер карашат? Айтор, жоопко караганда суроолор көп.

- Азыркы күндө кыргыз спортунун кыргыз тилинде лексикасы жок десек болот. Сексенинчи жылдары кыргыз журналисттеринин чоң тобу кыргыз спортунун лексикасын түзүү үчүн кыйла тажрыйба топтогон, алтургай кыргыз тилиндеги спорттук гезит чыгарууга чейин барышкан. Кийин эмнегедир бул демилгенин оту өчүп калды,- дейт белгилүү сатирик, бир кездеги спорт журналисттеринин бири Султан Акторпок.

Ушу тапта бул багытта такыр жылыштар жок деп айтуу калыстыкка жатпас эле, кыргыз спортун кыргыз тилинде алып барып жаткан баяндамачылар бар, бирок алардын сүйлөгөндөрү дагы эле копол бойдон кала берүүдө. Спорттук кээ бир терминдерди кыргызчалатып айтуудан эринишет же үйрөнгөн орус тилинен келегей которуу менен угарманга же көрөрманга тартуулай беришет.

Султан Акторпоктун айтымында, кыргыздын нукура, элге жетимдүү жалпак тили менен байытуу керек: “Албетте, алардын дүйнөлүк спортту мыкты билишеринен кенедей шек санабайм, бул жагынан жаштар кыйын, бирок алар өз эне тилинен аксап жатышат.”

Бүгүн спорт чоң мелдеш эле эмес чоң бизнеске, демек ал чоң саясатка да айланган кези. Дүйнөнүн бир өңүрүн мына ушул спорт маданияты каптап келаткан кезде биз каалайбызбы, каалабайбызбы, акыры кыргыз спорту өз тилинде сүйлөбөй кое албайт. Ал үчүн спорт оюндарын жакшынакай кылып баяндап берүү өнөрүн намыс кылбай туруп эле улуу муундардан жана өнүккөн түрк тилдүү элдердин тажрыйбаларынан үйрөнсө болот дешет. Бирок айрым журналисттер эларалык спорт терминдерин кыргызчалатууга каршы.

Табылды АСЫГАЛИЕВ ”Заман Кыргызстан” жумалыгынын сопрт баяндамачысы:- Спорттук темада макала жазууда айрым терминдердин кыргыз тилиндеги аталышын табалбай кыйналам. Мисалы, футбол оюнундагы “подкадка”,”гол”,”штанга”,
”аут”, ”девятка”,
деген терминдерди кантип
кыргызча түшүндүрүүгө болот? Менимче мындай сөздөрдү которбой эле түп нускасында берсе болот деген ойдомун.

Журналист Табылды Асыгалиевдин бул пикирине КТРдын спорт баяндамачысы Кубан Атабеков караманча каршы.

Кубан АТАБЕКОВ:- Өз алдыңча улут болгондон кийин эларалык спорт терминдерин де жакшынакай кылып кыргыз тилинде сүйлөтсө болот. Мен мисалы көп сөздөрдү К.Юдахиндин “Орусча-кыргызча сөздүгүнөн”издеп таптым. Мисалы спорттук беттешүүлөрдү бандаган учурумда ошол китептен тапкан “ринг төшөлмөсү”,”мушкер”, “чоюн алп” деген сөздөрдү колдонуп жүрөм. Изденсе өз тилибизде сүйлөтпөй турган эч нерсе жок деп ойлойм.

Спорт тилинин орусча болуп жатышына көбүнчө мурдатан бери келаткан адат, андан чыккысы келбеген спорт жетекчилери күнөөлүү деген пикирлер да жок эмес.

Алмаз КАСЕНОВ, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия агенттигинин орунбасар деректири:

- Биз өзүбүз күнөөлүүбүз деп ойлойбуз. Мелдештердин дээрлик бардыгы эле орус тилинде өткөрүлүп келет. Жадагалса “байге” деген эң сонун сөзүбүз турса “приз” дейбиз, “устат” деген сөз турса “тренер” дейбиз. Дүйнөлүк спорт берүүлөрүн эч кандай кыйналуусуз эле көөнө кыргыз тилинде алып барууга эбак мезгил келген. Көп сөздөрдү кадимки “Манас” эпосунан тапса болот, көп сөздөрдү теги тектеш түрк туугандардан, түрк тилдүү элдердин спорттук баяндамаларынан алса болот. Маселен Түркүя спорттук мелдештерин жалаң өз тилинде алып барат. Ал эми кыргыз тилинин уңгусу дал ушул түрк элинин тилинде жатат. Демек терминдерди алардан, коңшу казактардан алууга эмне үчүн болбосун? Болгону эркибиз жетпейт.

Кеп соңунда кыргыз спортунун жетекчилеринин жана анын атын жамынып, кадыр-барк күтүп, жер шарын кыдырып жүргөндөрдүн көңүлүн Айдай аттуу кыз менен Адил атуу жигиттин айткандарына бура кетели.

АЙДАЙ: - Мен өткөндөгү Азия оюндарын КТР аркылуу башынан аягына чейин көрдүм. Мага ошондогу кыргызча алып барган баяндамачынын сөзү жакты. Эмне үчүн физкультура институтунун базасында атайын коментаторлордун мектебин ачып коюуга болбойт? Эгер ушундай мектеп ачылса келечекте кыргыз спортун кыргыз тилинде баяндаган адистер өсүп чыгар эле.

АДИЛ: - Мен мектепте окуп жүргөнүмдө спорттук баяндамачы болгум келчү. Аябай кыялданчумун. Бирок, өз алдымча жол табалбай, мага жол көрсөтө турган эчким болбогондуктан “мечтам” талкаланып калды. Эми өкүнөм. Мендей жолун табалбай калгандар көп болсо керек деп ойлой берем.
XS
SM
MD
LG