Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:10

Сомалинин баш калаасында жүздөгөн адамдар демонстрацияга чыгышты


МОГАДИШУ. Бүгүн Сомалинин баш калаасы Могадишуда жүздөгөн адамдар демонстрацияга чыгып, эфиопиялык аскерлердин чыгарылып кетишин талап кылышты. Мындан бир жума мурда эфиопиялык аскерлер Сомалинин убактылуу өкмөтүнө исламисттик топторду өлкөнүн чет жакасына сүрүп чыгарууга жардам беришкен. Анын аралыгында, кечээ Батыш жана Африка өлкөлөрү коопсуздукту сактап калуу максаты менен Сомалиде эл аралык бейпилдик аскерлерин жайгаштырууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG