Таштар жана союлдар менен куралданган демонстранттар "Эфиопия жоголсун!"- деп кыйкырып, дөңгөлөктөрдү өрттөп, имараттарга таш ыргытып жатышты.
Демонстранттардын мындай албууттануусу өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн калкты күч менен куралсыздандыруу чечими менен байланыштуу. Эфиопиялык аскерлердин жардамы менен баш калааны көзмөлгө алган өкмөт куралчан калкка ультиматум коюп, куралдарды 5-январга чейин өткөрүп берүүсүн талап кылган. Бирок өткөн күндөрдүн ичинде куралдарын бир аз аз эле адам өткөрүп берди, ошондуктан өкмөт эми калкты күч менен куралсыздандырганы жатат.
Исламисттик топтор өлкөнүн түштүк бөлүктөрүн өткөн июнь айында көзөмөлгө алышкан эле, бирок эфиопиялык аскерлердин жардамы менен жүргүзүлгөн эки жумалык операциянын натыйжасында алар Сомалинин тоолуу чет жакасына сүрүлүп ташталды.
Анын аралыгында, өчүгүп калган исламисттердин Жихад баштоосунан чочулап турган кошуна өлкөлөр Сомали менен чек арасын жаап жатышат.
Эфиопия Сомалиге аскерлерин биринчи жолу киргизип олтурган жок. 1992- жылдан 1998-жылга чейин Эфиопия Сомалиге аскерлерин бир нече жолу жиберген. Анын негизги максаты өлкөнү акыркы 15 жылдан бери бийлеп келаткан чар жайыт исламисттик кыймылдардын күч алуусунун жана анын натыйжасында бүткүл региондо кырдаалдын бузулушунун алдын алуу.
Сомалидеги исламисттердин Ал-Каида менен байланышы бар экени болжолдонот. Анткени, Ал-Каиданын башчысынын орун басары Айман Ал - Завахри интернет сайттардын биринде жарыяланган кайрылуусунда сомалиликтерди эфиопиялык аскерлерге каршы партизандык согуш баштоого чакырган.
Эфиопиянын өкмөт башчысы аскерлерди бир нече жуманын ичинде чыгарып кетүүгө убада берди, бирок Сомалинин убактылууу өкмөтү өлкөдө исламисттер партизандык согуш баштайт деп кооптонуп, эл аралык коомчулукту жана Улуттар уюмун Сомалиде бейпилдик аскерлерин жайгашытрууга үндөп жатат. Андай болбосо, өлкө кайрадан исламисттердин көзмөлүнө өтүп, 1991- жылдан бери өкүм сүргөн анархияга кайрадан дуушар болмокчу.
Сүрөттө: Эфиопиялык аскерлер Сомалинин өкмөтүнө исламисттерди баш калаадан сүрүп чыгарууга жардамдашышкан.