Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:49

ЖАЛАЛАБАТТА ДИН ЭРКИНДИГИ БАРБЫ?


Дин өкмөттөн ажыратылганы менен мамлекет диний иштерге кийлигишүүдө. Ислам дини кабыл алган диний ырым-жырымдарга мамлекеттен каражат ажыратылбай келүүдө. Мындай көрүнүштөргө Жалалабаттагы мусулмандар тынчсызданууда. Облустук бийликтин көз карашында дин иштерине мамлекет аралашкан болсо, мектептерге караганда мечиттердин саны көбөйбөс эле.

Облустагы мусулмандардын бир даары Курман айттын бир күн кеч майрамдалганына эмдигиче нааразы. Абдрахман Жолчиевдин айтымында, айт майрамын ислам мамлекеттери менен бир күндө өткөрүү тууралу кайрылуулар орундалган жок. Сауд Аравиясына автобус менен баргысы келген, каражаты аз адамдардын тилеги ишке ашпай калды. «Мусулман адамдардын арыз-муңуна кулак төшөбөй, кайрылуусуна жооп бербей койгондун өзү мамлекеттин дин иштерине кийлигишип, адам укугун тебелеп жаткандыгын түшүндүрөт», - дейт Сузак районунун атуулу Абдрахман Жолчиев:

Анын маалыматы боюнча Курман айт эки күн белгиленип, мусулмандар экиге бөлүнгөндөй болду. Өкмөт жаңы жыл майрамын жакшы уюштургандардын эмгегин баалап, сыйлыктарды ыйгарды. Ислам динин туткан инсандардын эркин мамлекет эсине албай койду. Анткени, диний ырым-жырымдарга өкмөт тарабынан каражат ажыратылбай келатат:

- Адамдардын укуктары тепселип атат. Бизде адамдар экиге бөлүнүп намаз окуп жатышат. Элдин ичинде бири-бирине душмандар пайда болду. Жаңы жылда элди бузуп ар кандай майрамдоону элдин акысынан кылат, элдер ушуну түшүнүш керек. Бюджеттеги акча элдики, бийликтин акчасы эмес. Ал эми айт майрамдарына акча бөлүп бербейт.

Дин иштерине өкмөт тармакты тейлеген агенттик аркылуу аралашып келүүдө. Айт майрамдардын күнүн белгилөөнү да агенттик, кыргыз дин иштер башкармасы менен бирге акылдашып чечет. Жалалабат шаарынын ушундай пикирди карманган тургуну Сахижан Кажыгулов дин иштери боюнча агенттикке төмөнкүдөй талабын койду:

-Дин мамлекеттен, мамлекет динден ажыратылганбы, демек,биздин ырым-жырым, ибадаттарыбызга дин иштер агенттиги да, казыят да аралашпасын! Бир күндө беш убак намаз окууну, бир жылда бир ирет орозо кармап, ажылыкка барууну биз үчүн Кудай белгилеп койгон!

Губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбановдун билдирүүсүнө караганда облуста мектептерге караганда мечиттердин саны көптүк кылат. Мечит-медреселер менен ислам динин туткандардын ишине мамлекет кийлигише элек. Кыргызстандын дин иштер башкармалыгына өткөн жылы казынадан 2 миллион сом ажыратылганы – тармак үчүн көрүлгөн камкордуктун бири. Бирок, мамлекет элди бөлүп-жарууга аракет кылган расмий эмес диний уюмдардын иш-аракеттерине жол бербейт:

- Азыркы мезгилде алардын чыгарып аткан китептери, же сүйлөп аткан саясаты биздин Конституцияга туура келбейт. Биз диний адамдардын Конституцияга туура келбеген сөздөрүнө, саясаттарына сөзсүз түрдө тоскоолдук кылабыз мыйзам түрүндө, – деген оюн айтты Жаныш Курбанов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG