КАРАКОЛ. Мындай маалымат губернатордун жардамчысы Өмүрбек Иманбековдон алынды. Ысыккөл жээгине жакын Чырпыкты айылынын тушунан Казакстанга жол салынса, үч жүз чакырым аралык жакындаарын белгилеген казак ишкерлери 3 миң 700 метрге жеткен Кашкалең ашуусун облус губернатору Кыдыкбек Исаевге көрсөтүштү. “Бул жерде шамал жүрүп тургандыктан кар токтобойт. Ошондуктан жол салууга чоң мүмүнчүлүк бар” – деп чечмелеген “Эркинтрансервис” фирмасынын адистери кеткен чыгымды толук боюнча казак тарап көтөрөрүн билдиришти. Ал эми Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев бул жол салынса, туризм, инфраструктура жана жумушсуздук маселелери чечилерин айтып, буга эки өлкөнүн президенттери макул болсо гана толук кубаттаарын кошумчалады. (RB)