Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Ө.ТЕКЕБАЕВДИН ЭЛ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУНА БИЙЛИК БУТ ТОСУУДА


7-январда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Базаркоргондо шайлоочулар менен жолугушту, бирок анын эл менен сүйлөшүп, жасаган иштери тууралуу отчет берүүсүнө бийлик тарабынан уюшулган аялдар тобу катуу тоскоолдук кылышты. Депутат сүйлөп жатканда аны кар менен, чириген жер-жемиш менен ургулашты. Өмүрбек Текебаев өлкөдө түзүлгөн кырдаал үчүн бийликти сынга алып, сүйлөдү.

Өздөрүн “ыңкылапчылар” деп атаган адамдар депутат Өмүрбек Текебаевдин эл менен жолугушуусун үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Анын жактоочулары менен "ыңкылапчылар" кайым айтышып, алардын бир тобу “Текебаев кетсин!” деп кыйкырып турушту. Экс-спикерди жулмалап, тытмалоого далбас кылган аялдарды депутаттын тарапкерлери менен милиция кызматкерлери тосуп калышты.

Өмүрбек Текебаев бүтүргөн жумуштары тууралуу маалыматын эмки айга чейин шайлоочуларына таратаарын айтып, бийликтин кемчиликтерин сынга алды:

-Элге каршы болуп, ууру менен коюн-колтук алышкан, кылмыштуулук менен коюн-колтук алышкан бийликтин саясатына каршыбыз. Анткени алар элдин байлыгы болгон электр тармагын, ГЭСтерди башка мамлекеттерге сатуу алдында турат. Ага уруксат бербеген Жогорку Кеңешти "таратамын”, “саат үчкө чейин ХИПИКке кирүү боюнча чечим кабыл алып бер же болбосо жеке бийликти күчөткөн, Акаевдикинен да күчтүү болгон Конституцияны кабыл алып бергин” деп зордоп, коркутуп турганын өзүңүздөр көрүп турасыздар,- деди Өмүрбек Текебаев.

Депутат сөз сүйлөп жатканда кар, чириген помидор, чириген курмалар аны көздөй ыргытылды. “Атамекен” партиясынын мүчөсү Кубатбек Артыковдун айтымында тоскоолдук Текебаев депутат болгон шайлоо аймагына тиешеси жок адамдар тарабынан жасалды:

- Бүгүн бул аялдар келип алышып, колуна тийген таягы менен, кар менен уруп жатышат. Наны менен уруп жатышат. Булар өзүнүн элин сыйлабаган, президенттин идеясын сыйлабаган адамдар. Муну президент кандай кабыл алат? Балким бүгүн телевизордон көрсөтөөр. Кандай кылып көрсөтөт ал өзүнүн идеясы.

Шайлоочу Максат Калдаровдун баамында, депутатты эл жакшы кабыл алган жок жана ал эл үмүтүн актаган жок:

-Эч кандай жумуш кылган жок. Жыйырма жыл шайладык биз аны. Бир эмес төрт жолу.

Жыйын маалында кимдир-бирөөлөр тарабынан "былтыр Аскар Акаевге Өмүрбек Текебаев тарабынан жазылган кат” деген кагаз таркатылды. Анда Бишкекте ноябрда өткөн митингге акча сурап Өмүрбек Текебаев эск-президент Аскар Акаевден 10 миллион долларды кызы Бермет аркылуу берип жиберсеңиз, деп акча сураганы жазылган.

Бул катты “Саясий күчтөр биримдиги” уюмунун төрагасы Төрөкан Алимов элге окуп берди. Ал эми депутаттын иниси Асылбек Текебаевдин баамында бул катка экс-спикердин эч кандай тиешеси жок жана ал бийлик тарабынан ойлонуп табылган кат:

-Бул анын колу менен жазылган эмес. Жалган документ. Мындай иштер саясий күрөштө боло берет. Бирок бул өтө ыплас нерсе. Жалган жалаа болгону билинип турат. Буга чейин “матрешка” боюнча дагы кутум болгон. Азыркы бул жердеги болуп жаткан окуя дагы кезектеги кутумчулук. Азыр бул жерге бийликтин адамдары он аялды алып келип, депутаттын эл менен жолугушуусун үзгүлтүккө учураталы деп турушат,- дейт Асылбек Текебаев.

Ырысбай Абдраимов, Базаркоргон району

XS
SM
MD
LG