Жаңы жылдык эс алуудан кийин чогулган парламентте сөз сүйлөгөн Кочкор шайлоо округунун депутаты Рахат Ирсалиев Кочкордогу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюудагы өкмөттүн ишин кескин сынга алды. Депутаттын айтымында, жабыркаган жетиштүү жардам көрсөтүлбөй жатат. Андан сырткары өкмөт башчысы кырсык болгон жерге кечигип келди, ал эми өзгөчө кырдаалдар министри айылдарды тегиз кыдырган эмес. Эгерде өкмөт тийиштүү жардам берүүнү караштырбаса, ал өкмөткө оппозицияга чыгаарын белгиледи. Төраганын орун басары Кубанычбек Исабеков Ирсалиевдин сынына кошулаарын билдирди. AiT