Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

15:28 Базаркоргондо "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүүлөр болуп жатат


Партиянын мүчөсү Мамыт Көчөров депутат Ө.Текебаев шайлоочулары менен 7-январда жолугушкандан кийин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.Тартип сакчылары аны депутатка асылмакчы болгон аялдардын «күрмөмдү айрыды» деген оозеки кайрылуусу боюнча кармашкан. Бөлүмдө 2 саат болгондон кийин ал саясий уюмдун кийлигишүүсү менен бошотулган. Бул жөнүндө 8-январда партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаев билдирди. Райондун милиция бөлүмү өз кезегинде мындай маалыматты жокко чыгарды. А.Текебаевдин айтымында партиянын башка мүчөлөрүнө да ушундай кысымдар болуп жатат. «Аук» айлынын аксакалдары партиянын дагы бир мүчөсүн Текебаевдин таламдашы болбоого жана анын партиясынан чыгууга чакырышкан. Карыялардын басымына туш болгон жигит жашаган жерин убактылуу өзгөтүп, Бишкекке кетүүгө мажбур болду.(YA)

XS
SM
MD
LG