Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

ХИПИККЕ КАРШЫ КЫЙМЫЛ БҮТҮН ӨЛКӨ БОЮНЧА КУЛАЧ ЖАЙУУДА


Маектешкен Улан Эшматов, Прага “ХИПИКке каршы демилге” тобу бүгүн мындан аркы иш аракеттерин талкуулайт. Анда Кыргызстандын ХИПИК демилгесине киришине каршы бир катар бейөкмөт уюмдар, кыймылдар Жогорку Кеңешке бул маселени кароону талап кылган кайрылуу жолдошмокчу. Кайрылууда депутаттарга өлкөнүн ХИПИКке киришине жол бербөө чакырыгы айтылганы жатат. Бул жөнүндө “Азаттыкка” “Кылым шамы” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди.

- ХИПИКке каршы демилге тобундагы уюмдар менен кыймылдардын саны азыр канчага жетип калды?

- Азыр жүздөн ашты. Себеби бул демилге топко региондордон, жер-жерлерден дагы ыктыярдуулар аябай көп кошулуп, келип-кетип атышат, телефон чалып атышат. Биздин «Антихипик” кыймылынан башка да жаңы бир кыймыл жаралды, ал 24-декабрда түзүлдү. Анын арасына бир нече белгилүү адамдар Бегиш Ааматов, Анвар Артыковдор кошулуптур. Алар “Кыргызстанды сактап калуу партриоттук кыймылы” деп аташыптыр.

- Сиздер ХИПИКке каршы демилге тобуна кирген уюмдар чогуу өз аракетиңерди координациялап иштеп жатасыздар да?

- Азыр координация кылып атабыз. Демилгечи топтун координациялык кеңеш иши курултайда түзүлгөн. Ага “Революцияны сактап калуу” кыймылынан, бизнес сектордон, жаштардын уюмдарынан кошулушкан. Эми негизги координацияны Бишкектеги уюмдар алып барат.

- Бүгүн күтүлүп жаткан жыйынга демилге тобуна киргендердин баары катышабы?

- Баары катышат. Андан башка дагы Бишкекте активдүү демилге тобуна кирбеген, бирок активдүү уюмдар бар, аларды да чакырмакчыбыз. Бүгүнкү жыйыныбыз жумушчу жолугушуу катары өтөт. Биздин максатыбыз - жаңы жылдан мурун парламент бир нече жолу аракет кылбадыбы, ХИПИК маселесин карайлы деп, анын ортосунда бир топ башка окуялар, өкмөттүн отставкасы болуп кетти. Ошону менен парламент карабады. Ал эми дүйнөлүк практикада ХИПИКке кирүүнүн эки жолу бар. Биринчиси, меморандум жолу менен өкмөт кол коюп, бир тараптуу гана болуп мамлекет кирет. Экинчи жолу - өнүккөн саясий туруктуулугу бар мамлекеттер экинчи жолун тандап алып атышат, анда меморандум эмес, келишим жолу менен. Келишим жолунда сөзсүз түрдө парламенттин ратификациясынан өтүп, парламент бекитиш керек. Ошого биз “жок” деген экинчи жолу менен карагыла, өкмөт өзү эле жалгыз чечип койбосун, Улуттук банк, каржы министри, өкмөт башчысы болуп үч адам чечип койбосун, парламент да карасын деген ойду айтып атабыз, жалпы элдин да ыктыяры болсун деп. Ал эми жалпы элдин ыктыяры парламент аркылуу белгиленет да.

Экинчи жагы, парламентте талкуудан өтсө жок дегенде КТРден көрсөтүлүп, жер-жердеги эл да билет эле. Азыр элдин көпчүлүгүндө маалымат жок. КТР бул маселени чагылдырбай атат таптакыр, чагылдырса да бир тараптуу чагылдырып атат. Ошондуктан жер-жерлерде абдан көп суроолор пайда болуп атат. Эгер бул суроого чекит коюп, талкуудан өткөрүп, элдин ыктыярын албаса, анда бул келечекте элдин чоң толкунун, нааразылыгын пайда кылуучу маселе болуп турат.

Ошондуктан, биз дагы бир жолу парламентке кайрылалы деп атабыз. Мындай кайрылууну биз мурун жөнөткөнбүз, уктуруу өткөргүлө, ал эми экинчиси парламенттик талкуудан сөзсүз өткөргүлө дегенбиз. Эми жаңы жылдан кийин ушул эле өтүнүчүбүздү кайра кайталап жөнөтөлү деп атабыз.

- Кыргызстандын бул программага кириш-кирбеши, айтылган маалыматтарга караганда, жазда чечилиши керек. Ушул мөөнөттө эл аралык каржы уюмдары кыргыз өкмөтүнүн шарттарын кабыл алабы, албайбы, ошондо белгилүү болот деген маалыматтар берилди. Андан сиздин да кабарыңыз болсо керек. Сиздер да өз ишиңерди ошого чейин уланта бересиздер да?

- Ошого чейин да, андан кийин да уланата беребиз деп атабыз. Себеби, бул ХИПИКке кирүү менен Кыргызстанда экономикалык кризис чечилип калбайт. Бул абдан терең болуп кеткен кризис. Кыргызстандын эли сөзсүз түрдө 2 млрд. доллар кайдан келгенин, кимге, кайда кеткен, эмнеге жумшалганын билүүгө тйииш. Эмне себептен ушунчалык эбегейсиз чоң акчалар келип туруп, Кыргызстандын акыбалы бүгүнкү күндө туңкуюкка кептелген, деген суроолорго биз кайра кайрылмайынча, эч кандай, ХИПИК болобу, башка программа болобу, Кыргызстанга жардам бере албайт. Ошондуктан бул жерде кыргызстандыктардын патриоттук демилгеси керек болуп атат. Өзүбүздүн Кыргызстаныбызды сактап калуу деген аракетибиз керек болуп турат. Биз ушунун айланасында элди чогулта бермекчибиз жана бул бир гана координациялык кеңештин эле демилгеси эмес, жер-жердеги элдин демилгеси болуп атат. Элдин баары ушуну билүүнү каалап турат.

XS
SM
MD
LG