Бул тууралуу телеканалдын аткаруучу директору Чолпон Авазбеков бүгүн кабарлады. Маалыматка караганда, 7-январда мылтык менен куралданган төрт киши телеканалдын имаратына кирүүгө аракет жасаган. Аларга кызматкерлер Талант Сопуев менен Кайрат Турдукулов каршылык көрсөтүп, ортодо кармаш чыккан. Максатына жете абаган төрт киши Нива маркасындагы автоунаа менен жөнөп кетишкен. Бул телекомпанияга ноябрдагы митинг учурунда да кол салуу болуп, жабдуулар бузулган, деп белгилейт Чолпон Авазбеков. (AiT)