Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Туризмдин чет өлкөлүк тажрыйбаларынан: Чехия


Кыргызстан Борбор Азиянын ортосунда жайгашса, Чехия Европанын ортосунан орун алган. Аянты Кыргызстандыкынан эки эсе аз, калкы эки эсе көп. Ушу тапта кыргыз студенттери гана эмес эмгек мигранттары да жеткен бул өлкөнү чын эле туризмдин мекени деп атоого болот. Туризмди жазган журналисттердин эл аралык федерациясы – ФИЖЕТ (FIJET) уюмунун Чехиянын курорттук Карловы Вары шаарындагы конгрессине катышуу учурунда кабарчыбыз Улан Эшматов бул өлкөнүн туристтик индустриясы менен жакындан таанышуу мүмкүндүгүнө ээ болгон эле жана учурда туризмди өнүктүрүүгө умтулуп жаткан Кыргызстан үчүн Чехиядан алуучу тажрыйбалар да жок эмес.

Чехияда туризм тармагын тейлеген атайын министрлик деле жок, бирок Чехтуризм ( CzechTourism) деп аталган мамлекеттик мекеме же туризм боюнча улуттук башкармалык иштейт жана өлкөгө туристтерди тартуу жаатындагы мамлекеттик саясат мына ушул мекеме тарабынан жүргүзүлөт. Анын интернет баракчасында туристтер үчүн маалыматтар дүйнөнүн 17 тилинде жайгаштырылган. Ошондой эле аталган мекеменин дүйнөнүн 28 өлкөсүндө Чехияны таанытуу багытында иштеген өкүлчүлүктөрү бар. Андай өкүлчүлүктөр Борбор Азиядан Казакстан менен Өзбекстанда ачылыптыр. Чет элдик туристтердин 80% мына ошол Чехтуризм башкармалыгынын өкүлчүлүктөрү бар өлкөлөрдөн келет. Чет элдик жаран турист же мейман катары бул өлкөдө 90 күнгө чейин жүрө алат. Чехтуризм мекемесинин басма сөз катчысы Карин Шелигова ( Karin Sheligova) айым мени менен болгон маегинде туризмдин өлкө экономикасындагы ролу жөнүндө буларды айтып берди:

- Биздин өлкө, Чех республикасы үчүн туризм экономикалык жактан манилүү ролду ойнойт. Маселен 2005 –жылы туризмден түшкөн киреше, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 3,5%га жогорулап, 110 миллиард кронго жетти. Бул киреше Чехиянын улуттук дүң өндүрүшүнүн 4%ын түзөт.

Туризм тармагынан табылган табылган кирешени алдыда Чехиянын улуттук валютасы менен аталды. Ал эми АКШ доллары менен алганда, 1992-жылы чет элдик туристтерден түшкөн киреше 1,1 миллиардды түзсө, 2005-жылы 4,6 миллиарддка жеткен. Ишке жарамдуу ар бир онунчу адам туризм менен байланышкан тармакта иштейт. Муну, албетте, туристтер санынын жылдан жылга өсүп жатышы шарттоодо.

- 2005 – жыл туристтердин келиши жагынан, Чехиянын статистикалык мекемеси алардын санына мониторинг жүргүзө баштагандан берки рекорддук, эң жакшы жыл болгон. Бул жылы 6 миллиондой адам келип, 2004-жылдагыдан 4%га көбөйдү. Аяктаган 2006-жыл үчүн биз четтен келген туристтердин саны алты жарым миллиондун тегерегинде болуп, 2005 - жылдан 3%га жогорулайт деп күтүп жатабыз,-деди Чехтуризм мекемесинин өкүлү Карин Шелигова.

Салыштыруу үчүн айта кетели. Кыргызстанда да туризмдин ички дүң өндүрүштөгү үлүшү өткөн жыл үчүн 4% деп бааланууда. Акча менен алганда бул 115-120 миллион доллардын тегерегинде.

Чехияда тейлөө тармагынан түшкөн каражаттын 40%дан ашууну туризмдин үлүшүнө туура келет экен. Тейлөө демекчи, пивосу менен таанымал Чехия бул ичимдикти керектөө жагынан жан башына эсептегенде дүйнөдө эң биринчи орунда турат. Кары-жашына карабай жан башына 160 литрден. Пивонун 350дөй түрү жылына 18 миллион гекалитрден ашуун өндүрүлүп, анын 80%дан ашуун ички базарда сатылат. Миллиондогон литр пивону түгөтүүдө адистер туристтердин салымы албетте зор экенин белгилешет.

Адистер Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жылына 2 миллион туристти кабыл алууга жетет деп жүрүшөт. Ал эми биз сөз кылып жаткан Чехия алдыда айтылгандай, 6 миллондон ашуун туристти кабыл алууда. Бул көрсөткүч эмненин эсебинен жаралууда? Сөзүбүздүн мындан аркы бөлүгүндө мына ушул маселеге токтолуп көрөлү.

Чехияда тарыхый шаар же анын бир бөлүгү катары коргоодо турган 40тай жай бар. Алардын 12си ЮНЕСКОнун тизмесинде. Ал эми эски сепилдер, чиркөөлөр менен эстеликтердин саны 200дөн ашуун. Мына ошол тарыхый жайлардын негизинде түрдүү туристтик маршуруттар иштелип чыккан. Андан сырткары сырткары курорттук деп эсептелген 30дан ашуун шаар менен шаарчалар бар. Чехтурзим мекемесинин иликтөөсүнө караганда, өлкөгө четтен келген туристтерден 50%ан ашуун эс алуу жана көңүл ачуу үчүн келет. Андан кийинки орунда ишкер сапар менен келгендер турат. Туристтердин 70% чоң-кичине мейманкаларга токтойт. Өлкөдө 4300дөн ашуун мейманкана иштөөдө. Аладын 34ү беш жылдыздуу, 252си төрт жылдызду деп эсептелинет. Албетте туризмдин жогорудагыдай инфраструктурасы аз эле убакытта калыптанган жок, айрым эс алуу жайларынын тарыхы жана курорттук бизнестин өнүгө башташы 17- 18 - кылымдарга барып такалат.

Мына ошондой жерлердин бири жер алдынан чыккан айтылуу арашан жана дары суулары менен белгилүү Карловы Вары ( Karlovy Vary) курорту. Эл ичинде Карловы Варыны орусташып кеткен шаар деп коюшат. Бул эс алуучулардын көбүн орусиялыктар түзгөнүнөн улам айтылган кеп болсо керек. Андан кийинки орунда эс алуучулар арасынан германиялыктар турат экен. Ысыкөлдө эс алуу жайлардын айрымдары Казакстан ээлигине өткөндөй эле, Карловы Варыда да орусиялыктардын ээлигине өткөн мейманкалар жок эмес. Айтмакчы Борбор Азиядан Карловы Варыга казакстандыктар көп каттайт. Кыргызстандан келген бирин-экин бай мекендештерибизди жолуктуруп калганга болот. Чехиядагы 14 облустун бири Карловы Варынын губернатору Йозеф Павел ( Josef Pavel ) мырза биз менен болгон маегинде мында деди:

- Туризм багытында биз эки продукция сунуш кылабыз. Бул арашан суулар менен салттык дарылоо. Биздин региондо, табыхый дары суулардын концентрациясы эң көп катылган. Экинчиси -саякат. Региондо тарыхый жайлардын бир катары жайгашкан. Кышкы спортту уюштурууга мүмкүндүк берген табыхый байлыктарыбыз бар. Өлкөдөгү төрт эл аралык аэропорттун бири биздин региондо. Биз ага быйыл арбын инвестиция жумшадык. Учурда Москва-Карловы Вары багыты боюнча жумасына төрт каттам аткарылууда. Келечекте бул байланыш бир топ пайда берет деп эсептейбиз.

Карловы Вары губернаторунун айтымында, жылына бул чөлкөмдө конок үйгө түнөп, эс алган туристтердин саны 400 миңдин тегерегинде, ал эми кыска убакытка келгендерди так санын аныктоодо бул жакта да кыйынчылыктар бар экен:

-Биздин регионго кыска убакытка келип кеткендердин так саны боюнча маалымат жок. Себеби алардын бир нече түрү бар. Чек арабыз Баварияга жакын болгондуктан, Германиядан бир нече саатка, бир күнгө эс алууга келгендер күнүнө миңдеп саналат. Мындан сырткары, борбор Прагадан, башка шаарлардан келип кеткен туристтер же Батыш Европага транзит аркылуу өткөндөр да миңдеп эсептелет. Демек жылына алардын саны миллионго жетет десек болот.

Праганын же Карловы Варынын көчөлөрүнөн болсун туристтерди топ-тобу менен ээрчитип, аларга тиешелүү маалыматтарды берип жүргөн гиддерди же кыргызчалганыбызда жол көрсөткүч адистерди жолуктурасыз. Өлкөнү чет өлкөлүктөргө таанытууда, алардын да өз салымы бар экени белгилүү. Чехияда ар бир эле адам туристтерди тейлеп, гид катары иштей алабы. Мен бул суроону Карловы Вары облусунун экинчи курорттук шаары Марианске Лазнеде ( Marianzke Lazne ) гид болуп иштеген Мартина Бартункова (Martina Bartunkova) айымга жолдодум:

- Жок, баары эмес. Гид катары иштөөнүн бир катары жолдору бар. Алардын бири атайын мамлекеттик сынак тапшыруу керек. Андан сиз тарых, маданият, экономика жана башка чөйрөлөр боюнча суроолорго жооп берип, чет тил боюнча билимиңизди далилдешиңиз абзел. Экинчи жол туризм багытындагы атайын окуу жайдан билим алуу. Ал эми башкаала Прагада гид болуу иштөө үчүн өзүнчө уруксат талап кылынат.

Биз жана сөз башында Чехияны туризмдин мекени деп атаган эле. Анткени өлкө жылына алты миллиондон ашуун туристти кабыл алып гана тим болбостон, 10 миллиондон бир аз ашкан чех калкынын дээрлик жарымы да жылына турист катары сыртка чыгып келет.

Жалпы европалыктар сыяктуу эле Кыргызстанга барган чехиялыктардын деле саны аз. Бул жерде деле көпчүлүк Кыргызстанды биле бербейт. Кыргызстандын тур операторлор ассоциациясы - КАТОнун президенти, британ жараны, Бишкектеги "Жибек жолу" мейманкасы менен "Небесные горы" туристтик фирмасынын жетекчиси Йен Клейтор ( Ian Claytor) биз менен болгон маегинде, өлкөгө келип жаткан европалыктарды бир нече катмарга бөлүүгө болорун, негизги проблема алар Кыргызстан тууралуу аз билгендигинде экендигин белгиледи:

- Ушу тапта Европадан келген туристтердин бир нече катмары бар деп айтууга болот. Альпинисттер бар. Албетте аларга биздин тоолор жагат. Дагы бир катмар Улуу жибек жолуна кызыккандар. Дагы бир топ салт –санаа, көчмөндөрдүн жашоосу менен танышып, боз үйдө жашап кетүүнү көздөгөндөр. Европанын адамдары Кыргызстанга кызыгышат. Негизги проблема алар өлкө тууралуу аз билгенинде. Адатта алар Кыргызстан дегенде Күрдүстанды ойлошот. Менимче Европадан Кыргызстанга кызыкандардын саны арбыйт.

Ал эми аталган ассоциациянын аткаруучу директору Нуржан Эрнестованын айтымында, жакында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда, өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн келген 70 миңдей туристтин болжол менен 30 миңдей европалыктар түзөт:

-Биз инвесторлордун уюму – Эл аралык ишкер кеңеш менен бирдикте ЕККУ колдоосу астында Еробиримдиктин жана башка кээ бир өлкөлөрдүн жарандары үчүн визалык режимди либералдаштыруу боюнча иликтөө өткөргөнбүз. Евробиримдиктин жарандары үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим киргизүү же такыр эле жоюу канчалык максатка ылайык деген маселени иликтедик. Ал эми жалпысынан мурдагы жылдарга салыштырмалуу алыскы чет өлкөлөрдн келгендердин саны 2006-жылы өстү. Маселен 2004-жылы алардын саны 66 миң болсо, 2006-жылы 70 миңди түздү. Бул 2006-жылдын 9 айынын маалыматтары.

Ал эми Европанын ичинде гана эмес Азияга да арбын каттаган, биз бүгүн сөз кылып жаткан Чехиянын жарандарын турист ирээтинде Кыргызстанга да кантип тартууга болот? Кандайдыр бир өзгөчөлүктүү нерселери барбы? Чехиялык журналист, туризм журналисттеринин эл аралык федерациясы - ФИЖЕТ (FIJET) уюмунун вице - президенти Мирослав Новара (Miroslav Novara) биз менен болгон маегинде мындай оюн бөлүштү:

-Менимче азыр глобалдык деңгээлде бул жол иштөөдө. Туристтер учурда бөлүнүп жаткан кез. Маселен кээ бирлер маданиятты, экинчилери спортту, үчүнчүлөр эс алууну каалайт. Андыктан атайын туристтик продукцияны даярдап сунуш кылуу керек. Туристтер ар дайым өзгөчөлүктү издешет. Маселен Кыргызстан үчүн кооз табиятына кошумча, атайын сувенирлерди, фольклордук программа сунуш кылуу кыйын эместир. Менимче ошол туристтик продукцияны даярдап, биздин өлкөдө жылына эки ирээт өттүүчү туристтик жармаңкеге алып келсе болот. Албетте, экинчи бир жакшы жол чех саякат агенттиктери менен келишим түзүлсө, алар ошол продкцияны рынокко сунуш кыла алышат.

Албетте, Кыргызстан менен Чехиянын ортосунда кандайдыр бир деңгээлде кызматташтык өкүм сүрүүдө. Буга чейин президенттер деңгээлинде иш сапарлар жасалган, айрым бир келишимдерге кол коюлган. Кыргызстанда чех-словактардын чакан диаспорасы бар, Чехияда кыргызстандык студенттердин тобу окууда, эмгек мигранты катары келгендердин да катары өсүп бара жатканы байкалат. Демек алака - бериш, жаңы келишимдер алдыда жаралат деп айтууга негиз бардай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG