Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:48

ТАЛАНТ ЖЕКШЕНОВ: КЫРГЫЗДЫН ЖЕЛЕГИН ДҮЙНӨЛҮК АРЕНАДА КӨТӨРГҮМ КЕЛЕТ


Акан Иманов, Бишкек Эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасынын мыкты балбандарынын бири Талант Жекшенов чоңдор арасында Азия чемпионатынын коло медаль ээси болгон. Бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. Ал 1-декабрдан 15-декабрга чейин болуп өткөн Дохадагы 15-Азия оюндарына катышып, бирок медалга жете албай калды. Талант Жекшенов Дохадагы мелдештер жана кыргыз спортунун келечеги тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

ТАЛАНТ ЖЕКШЕНОВ

Жумгалдын Чаек айылынын кулуну.

Курагы 24 жашта.

Үй-бүлөлүк абалы – үйлөнгөн, 2 кыздын атасы.

Ичкилик ичпейт, терс көз карашта.

Жакшы көргөн тамагы – палоо.

Жактырган ырчысы – Илияс Абдразаков.

Ышкысы – Ат минип сейилдөө.

Сүйүнгөнү : Азырынча сүйүнө элек. Олимпиадада ийгилик жаратсам аябай кубанаар элем дейт.

Спорттогу кумири - Кенжебек Өмүралиев.


- 15-Азия Оюндарында эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын коргоп күрөшүп келдиңиздер. Канча таймаш өткөрүп, кайсы өлкөнүн спортчулары менен беттештиңиз?

-Биринчи айлампада мен эс алдым, экинчиде болсо Сирия балбаны менен чыгып, эки бөлүмдө тең утуп алдым. Үчүнчү айлампада финалга чыгуу үчүн Түштүк Корея балбаны менен күрөштүм, биринчиден мен, экинчи бөлүмдө ал утту, үчүнчү бөлүм аяктаарына 11 секунда калганда мен упай алдым. Анан болжол менен 5 секунда калганда мен бутка кирсем, ал айландырып кетти, ошондо бизге экиден упай бериш керек эле. Бирок мага беришкен жок. Мен ошондо капа болдум. Анан, коло медаль үчүн, казак балбаны менен беттештим, үчүнчү бөлүмдө экөөбүз тең чыктык. Натыйжада калыс тыйынын ыргытты, ал казак балбанына түштү. Шарт боюнча мен бутумду бердим, анан кайра чыгарып алдым. Кырдаалдан чыкканым үчүн мага упай берилиши керек эле, бирок бул жерден дагы жеңишти ага ыйгарышты. Мындай жерден биз, өзүбүз, бир баш өйдө күрөшүп утушубуз керек, себеби ФИЛАда мүчө кишибиз жок. Эч ким жардам бере албайт. Мен ушуга азыр намыстанып жүрөм.

- Аталган Азия оюндарында Кыргызстандын намысын жети спортчу коргоп келди. Деги эле Кыргызстан курама командасы бул оюндарда кандай күрөштү?

-Курама команданын эң улуулары Крупняков жана менмин. Ал эми калгандары жаш балбандар. Алардын баары тең жакшы күрөштү. Өкмөт балбандардан эч аянбай көбүрөөк каражат жумшашы керек.

- Кыргызстандагы эркин күрөштүн бүгүнкү абалына сиз кандай баа бересиз?

-Өтө жакшы эмес, жаман да эмес, ортодо. Биз Олимпиаданы утуп, кыргыз гимнин ойнотушубуз зарыл, ошондо көптөгөн элдер Кыргызстанды таанышат. Ошондо кана эл аралык кадыры өсмөк. Азырынча бизге медаль керек, биз аракет кылабыз.

- Сиз 10 жылдан ашуун убакыттан бери чоң спортто жүрүптүрсүз. Чет өлкөнүн өкүлдөрү биздин тууну көтөрүп намысыбызды коргоп бер деп чакырган учурлар болду беле?

-Чакыруу болсо деле бөлөк жака барып, алардын туусун көтөргөнгө көңүлүм жок. Дүйнөлүк чемпионатта, Олимпиадада, Кыргызстандын эле желегин көтөрөм. Бул менин эң чоң максатым.

- Сиздин спорт жолуңузда келечекти карай кандай максаттарыңыз бар?

- Биринчиден, дүйнөлүк аренада Кыргызстандын желегин көтөрүп, гимнин ойноткум келет. Ошол максатыма жетсем, андан ар жагын кудайым өзү көргөзөөр.
XS
SM
MD
LG