Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

7:00 Баткенде жер титиреди


Баткен облусунун аймагында кечээ кечки саат 11ден 21 мүнөт өткөндө жер титирөө катталды. Жер силкинүүнүн очогу Баткен шаарынан 90 чакырым түштүк-батыш тараптагы Түркстан кырка тоолорунун Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен жеринде болуп, анын күчү Рихтер шкаласы боюнча 6 баллга жеткен. Жер титирөөнүн күчү Баткен, Сүлүктү, Исфана шаарларында 5-6 баллга, Ошто 4,5 баллга жеткени байкалган. Андан кыйроолор жана жапа чегүүлөр болгон-болбогону туурасында азырынча так маалымат жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» чукул кырдаалдар министринин орун басары Бакир Жолчуев билдирди.(SM)

XS
SM
MD
LG