Бул тууралуу АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ричард Баучер ИТАР-ТАСС агенттигине берген маегинде билдирди. Кыргыз жараны, күйүүчү май ташуучу ишкананын айдоочусу Александр Иванов өткөн айда АКШнын Бишкектеги авиабазасынын жоокери аткан октон мерт болгон эле. Бул окуядан соң кыргыз президенти америкалык аскерлердин дипломаттарга тең кол тийбестик укугу алынып, алар эгер Кыргызстандын аймагында кылмыш кылса кыргыз мыйзамдарына ылайык жазага тартылышы керектигин, бул маселени тышкы иштер министрлигине тапшырганын айткан.(SM)
7:05 АКШ Бишкектеги авиабазасындагы аскерлерин дипломаттык кол тийбестиктен ажыратууга ниеттенбейт