Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

7:30 «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Бакыт Калпетовдун иши кечээ сотко өттү


УКК анын үстүнөн козголгон кылмыш иш боюнча тергөөнү аяктап, сотко өткөргөнүн «Азатыкка» адвокат Касымбек Райымкул уулу билдирди. Бакыт Калпетов былтыр ноябрдагы митинг учурунда Мамлекеттик телерадиокомпаниянын баш директорунун орун басары Бейшенбек Бекешовго кол көтөргөн деп айыпталууда. Мындай айып менен кармалган Калпетов алгач УКК абагында кармалып, кийинчерээк Жогорку сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу чечим чыгарган. «Ата Мекен» партиясы бул иштин УКК тарабынан тергелишин саясий кысым катары баалаган. (SM)

 

XS
SM
MD
LG