Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:17

ОРУС МУНАЙЫ ЕВРОПАГА КЕЛБЕЙ КАЛДЫ


Достук” кууру аркылуу Европага орус мунайын жөнөтүү токтотулду. Буга экспорт салыктары боюнча Россия менен Белоруссиянын ортосунда тутанган талаш себепчи болду. Евросоюз Москва менен Минскиден тез арада түшүндүрмө берүүнү талап кылды.

“Достук” куурунун түндүк тилкеси аркылуу Белоруссия Польшага жана Германияга орус мунайын жөнөтүүнү токтотконун ырастады жана бул үчүн Москваны айыптады. Ырасмий Минск Европага экспорттолчу орус мунайы үчүн 1-январдан тартып Москвадан ар тоннасына 45 долларда салык төлөөнү талап кылган эле. Россиялык “Транснефть” компаниясы болсо белорус тарабын орто жолдо орус мунайын уурдап жатканы үчүн күнөөлөп, транзит алыктарын төлөгөндөн баш тартты. Жаңжалды жөнгө салуу үчүн кечээ белорус делегациясы Москвага келди.

Бул учурда Европа комиссиясы Россия менен Белоруссиянын түшүндүрмөсүн талап кылууда. “Орус жана белорус бийликтери менен байланышып,эмне себептен мунай жөнөтүү иши токтоп калганын таасын-так түшүндүрүү талабын койдук”, - деп айтты Еврокомиссиянын өкүлү Ферран Тарраделас Эспуни. Комиссия кырдаалды агылгалап кылдат байкап турганын кошумчалап, Эспуни куур аркылуу Польшага мунай келбей калганын тастыктады жана азыр башка өлкөлөрдөгү жагдай да териштирилип жатканын маалымдады.

Соңку маалыматтарда “Достук” куурунун түштүк тилкеси аркылуу Украинага, Словакияга жана Чехияга да мунай жөнөтүү токтоп калганы айтылууда.

Еврокомиссиянын айтымында,Евросоюздун өлкөлөрүндө өзгөчө тынчсыздануу маанайы деле жок. Мунайдын запасы Германияда - 130,Польшада – 70 күнгө жетет. Ошол эле учурда ушул аптада Брюсселде эксперттер атайын жыйын куруп,мунай тартыштыгынан кынжылган өлкөлөргө жардам көрсөтүү чараларын талкуулаганы жатышат.

“Достук” мунай кууру 1964-жылы ишке берилген. Анын түндүк тилкеси – Белоруссия аркылуу жылына европалыктарга 75 миллион тонна кара май жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG