Адам түйүлдүгү эки клетканын бириккенинен келип чыгат жана биринчи күндөрдө ал клетка бөлүнө баштаганга карбай, клеткалардын жалпы саны саналуу гана болот. Ошондуктан алар бир-биренен баштабында дээрлик айырмаланбайт жана кийин пайда болгон түйүлдүктүн сөөк же өпкөсү окшош, бир-биринен айырмаланбаган клеткалардан өнүгүп чыгат десе болот.
Ошол себептен окумуштуулар жаш түйүлдүктүн клеткаларын алып, аларды лабораторияда атайын шарттарда өстүрүп, сөөк же өпкөгө же башка органдарга айланта алат, андан тышкары андай баштапкы клеткалар айрым оор илдеттерди өздөрү да айыктырат. Мисал үчүн, азыркы тапта Альцгеймер же Паркинсон оорулары, жүлүн менен мээнин айрым илдеттери же диабет ошондой түйүлдүк клеткалары менен гана айыктырылат.
Бирок, динаятчылар менен айрым саясатчылар түйүлдүктү анын биринчи күнүнөн тартып адам деп эсептейт жана аны медициналык максатта колдонууну адам өлтүрүүгө теңейт. Андан тышкары бул медициналык маселеден - түйүлдүктү канча аптадан кийин адам деп эсептеш керек деген диний жана философиялык маселе чыгууда. Ошондуктан бардык өнүккөн мамлекеттердин окумуштуулары азыр бул багытта кеңири изилдөө жүргүзүүдө.
АКШнын Гарвард университети менен Түндүк Каролина штатынын бир университетинин илимпоздору биргелешкен изилдөө тобун түзүп, жети жыл иштегенден кийин жакында биринчи оң жыйынтыктарга жетти.
Изилдөө тобунун жетекчиси Энтони Аталанын айтымында, дары катары түйүлдүктүн өзүнүн клеткаларын эмес, анын айланасындагы суудан алынган заттарды пайдаланса болот: "Бул заттар түйүлдүктүн да клеткалары эмес, алар адамдын да клеткалары эмес, бирок алар экөөнүн тең сапаттарына ээ, аларды жаңы келеткалар деп атаса да болот. Мындай ар башка заттарды пайдалануу менен адамдын ар башка клеткаларын өстүрүү мүмкүн жана андан оорулууларга жардам берсе болот", - дейт доктор Атала.
Мындан ары эми андай заттардан булчуң, же сөөк, же башка органдарды өстүрүү максаты турат. Чычкандарга жасалган алгачкы эксперименттер көрсөткөндөй болсо, андай заттар айрым мээ ооруларын дагы айыктыра алат. Андай заттарды адам илдеттерине каршы пайдалануу үчүн дагы кошумча изилдөөлөр керек жана окумуштуулардын айтымында, ага дагы бир нече жыл талаптуу.